Медициналык кызмат баарына тең болсун! Жээнбеков Суракматов менен сүйлөштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен онлайн кеңешмеде
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен онлайн кеңешмеде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3 434кө жетти. Мэр калаанын бардык райондорунда күндүзгү стационар ачылганын, ушул сыяктуу дагы 250 орундуу беш стационар ачуу пландалып жатканын айткан.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Азыркы кырдаалда айрым адамдарга артыкчылык берилбей, медициналык кызмат баарына бирдей жеткиликтүү болушу керек. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен өткөргөн онлайн кеңешмеде айтты.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, кеңешмеде өлкөдөгү жана борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланган. Өлкө башчы бардык кайрылгандар өз убагында медициналык жардам алышы керектигин белгилеп, мэрияны колдо болгон мүмкүнчүлүктү туура пайдаланууга чакырган.

Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар

"Мамлекет башчысы ооруканаларды күзгү-кышкы эпидемиологиялык кырдаалга даярдоонун, врачтарды транспорт менен камсыз кылууда жардам көрсөтүүнүн маанисин белгиледи. Ал мэриянын тез жардам унааларынын жетишсиздиги боюнча суроо-талабына да жооп берип, бул маселе боюнча конкреттүү сунуштардын киргизилүүсү күтүлүп жатканын билдирди", — деп жазылат маалыматта.

Президент мэрдин көңүлүн коомдук транспорттогу санитардык талаптардын сакталбай жатканына да бурган.

Боронов өз жакындары үчүн орун "брондоп" жаткан дарыгерлер боюнча жооп берди

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө Бишкекте коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3 434кө жетти. Мэр калаанын бардык райондорунда күндүзгү стационар ачылганын, ушул сыяктуу дагы 250 орундуу беш стационар ачуу пландалып жатканын айткан. Ошондой эле тез жардам унаалары жетишсиз экенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0