Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшВ Оше готово 600 мест для пациентов с пневмонией
В Оше готово 600 мест для пациентов с пневмонией - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтаптарга туура кеңеш берүү жана оорунун өрчүп кетишине жол бербөө максатында күндүзгү стационарлар ачылууда.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Өкмөт коронавирус жана пневмония оорусуна кабылгандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн жер-жерлерде күндүзгү стационарларды ачууга киришти.

Бул бейтаптарга туура кеңеш берүү жана оорунун өрчүп кетишине жол бербөө максатында жасалууда. Премьер-министр Кубатбек Боронов ар бир райондо 200 орундан кем эмес стационар уюштуруу тапшырмасын берди.

Дарылоо бөлүмүнөн коронавирустун жана пневмониянын жеңил түрүнө кабылган же өзүн начар сезген жарандар келип медиктерден кеңеш алат. Ошондой эле асма укол жана ийне сайдырып кетишет. Бул кызматтар бекер, болгону дарыларын сатып алуу керек. Медиктер эртең мененки 8.00дөн кечки саат 20.00гө чейин иштейт.

Өкмөт кырдаалды кантип жөнгө салууда? Бороновдун билдирүүсүнүн кыскача тизмеги

Sputnik Кыргызстан өлкөнүн жети дубанында канча стационар ачылганын билип көрдү.

Ысык-Көл облусу

Көлдө 738 орунга ылайыкташкан күндүзгү стационар, ал эми 645 орундуу обсервация жайы даярдалды.

Облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев кошумча дагы обсервацияга пансионаттарда, курорттук мекемелер жана мейманканаларда 2 000 орундук түзүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Ош облусу

Күндүзгү стационар үчүн 700дөн ашуун орун даярдалууда. Анын ичинен Алай районунда 100, Кара-Кулжада 106, Кара-Сууда 90, Өзгөндө 220 жана Чоң Алайда 100 керебет даяр болду. Учурда алгачкы бейтаптар жардам алууда.

Мындан сырткары, облус боюнча 1 910 орундуу обсервация жайы даярдалган. Ал эми ооруканаларда изоляциялоо үчүн 730 орун даярдалып, бейтаптар кабыл алынган.

Ошто ыктыярчы дарыгерлердин тизмеси түзүлүп, окутула баштады

Баткен облусу

1 000ден ашуун орунга ылайыкташкан күндүзгү стационар ачылууда. Учурда Кызыл-Кыя шаары жана Лейлек райондорунда даяр болду. Бүгүн кечке чейин облустун ар бир районунда 200 орундуу дарылоо бөлүмдөрү пайдаланууга берилет. Мындан сырткары, 1 790 орундуу обсервация, ооруканаларда изоляция үчүн 435 орун даярдалган.

Нарын облусу

Нарын шаарында 200, райондордун борборлорунда 100 орундуу күндүзгү стационарларды уюштуруу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө милдеттендирилген. Учурда алгачкылары пайдаланууга берилди.

Жалал-Абад облусу

Облус боюнча күндүзгү стационардык борборлордо 1 246 орун уюштурулду. Жалал-Абад шаарындагы стационардан эки күндөн бери 145 жаран керектүү кеңештерди алып, дарыланып кеткен.

Чүй облусу

Облустун 128 жерине 1 431 орундуу дарылоо бөлүмү даярдалды. Бул стационарларда 191 медицина кызматери иштеп жатат. Ачылган күндөн тартып 1 300гө жакын бейтап кайрылган. Учурда медициналык жабдуулар менен толук камсыздоо иштери жүрүүдө.

Мындан сырткары, Чүй жана Токмок аймактык ооруканасына демөөрчүлөрдүн жардамы менен өпкөнү жасалма дем алдыруучу 5 аппарат алынган. Ал эми облус боюнча ар кандай каржы булактарынын эсебинен жана ишкерлердин колдоосу менен 161 кычкылтек концентратору алынган.

Облус жетекчи Алтынбек Намазалиев Чүй облусун өнүктүрүү фондунан кычкылтек концентраторун сатып алууга төрт миллион сом бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0