Медкызматкер кандын анализин алууда. Архивдик сүрөт

Өлкөдө бир суткада 345 адам COVID жугузуп алганы аныкталды

340
(жаңыланган 10:23 08.07.2020)
Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкө аймагында коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 486га жетти.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Өткөн сутканын ичинде Кыргызстанда 345 адам COVID-19 жугузуп алганы аныкталды. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары – 183;
  • Чүй облусу - 51;
  • Ош шаары - 22;
  • Ош облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу - 23;
  • Баткен облусу - 21;
  • Ысык-Көл облусу - 24;
  • Нарын облусу - 14.

Вирус илештирип алгандардын баары бейтаптар менен байланышта болгондор. 

Азыркы тапта стационарда 592 киши бар, анын 17си реанимацияда. 4 799 адам үй карантининде дарыланып жатат. Бүгүн дагы 13 киши каза таап, жалпы саны 112 болду. 

Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 486га жетти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

340
Белгилер:
КР Саламаттык сактоо министрлиги, инфекциялык оору, бейтап, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1654)
Тема боюнча
Коронавирус бир суткада 13 адамдын өмүрүн алды
Батареядагы сом купюралары. Иллюстартивдик сүрөт

Бийлик жылуулук менен ысык суунун тарифин көтөрүүнү сунуштап жатат

17
(жаңыланган 12:43 16.06.2021)
Энергетика жана өнөр жай министрлиги жылуулук менен ысык суунун тарифин жыл сайын инфляцияга жараша жогорулатып турууну демилгелөөдө.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жылуулук менен ысык суунун тарифин 25 пайызга чейин кымбаттатуу сунушталууда. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Аталган ведомство министрлер кабинетинин "2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясынын орточо тарифин бекитүү" жөнүндөгү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документтин долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Документте сунушталган калк үчүн тарифтер төмөнкүчө:

  • Жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1418,45 сом (азыркы баасы 1 134,76 сом);
  • Ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 227,2 сом (азыркы баасы 981,76).

Ведомстводон белгилешкендей, жылуулук энергиясы үчүн тарифтер жыл сайын инфляцияга жараша өзгөрүп турат.

Калган колдонуучулар үчүн сунушталып жаткан тариф:

  • Жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 801,89 сом (азыркы баасы 1 695,1 сом);
  • Ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 801,89 сом (азыркы баасы 1 695,1 сом).
"Көп жылдан бери жылуулук энергиясынын тарифи өз баасынан төмөн коюлуп, жыл сайын акчанын дефицити жаралып келген. Чыгым электр энергиясын сатуудан түшкөн каражат менен жабылып турчу", — дешти ведомстводон.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы жылдык инфляция 10,9 пайызды түздү.

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифин дагы жогорулатуу сунушталып жатат.

17
Белгилер:
тариф, электр энергиясы, жылуулук, ысык суу, Кыргызстан
Тема боюнча
Сунушталган 1,09 сомдук тарифти жыл сайын көбөйтүүнү айтышууда. Канчага өсөт?
Өзбекстанда жеке компаниялар электр энергиясын сааттап сата баштайт
Мезгилдүү ысык сууну өчүрүү. Архив

Жакында бишкектиктердин үйүнө ысык суу келет. Алдын ала эмне кылыш керек

22
(жаңыланган 12:40 16.06.2021)
Бир ай бою "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы оңдоп-түзөө, көзөмөл иштерин жүргүзүп, ысык суу өткөн түтүктөрдүн бекемдегин текшерди.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы 17-июндан тарта борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөргө ысык суу акырындап берилерин айтып, анын алдында батир ээлери эмне кылышы керектигин эскертти.

Ысык сууну бир ай мурда, 17-майда, өчүрүшкөн. Бул аралыкта, тагыраагы, бир ай бою "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы оңдоп-түзөө, көзөмөл иштерин жүргүзүп, ысык суу өткөн түтүктөрдүн бекемдигин текшерди.

Бүгүн, 16-июндан тарта тармактарга суу жүгүртүп, толтуруу иштери башталат. Аталган ишкана суу келер алдында эмне кылыш керектигин видео түрүндө көрсөтүп берди.

Алар суу келер алдында жашоочуларды үйүндөгү крандарды бир ирет текшерип, жаап, суу каптап кетпеш үчүн байкоо салып коюуга чакырды. Суу ысытып колдонгондор орнотулган бактарды өчүрө турушу шарт. Бул тууралуу да айтып беришти.

Эгерде авариялык кырдаал жаралса төмөнкү телефон номерлерине чалуу керектигин эскертишти:

  • Колдонуучулар үчүн иштеген борбор: — (0312) 61-11-69, 1980, (0557) 61-11-66, (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66;
  • Диспетчердик кызмат — 56-85-58;
  • Борбордук райондун көп кабаттуу үйлөрдүн ичинде иштеген системасынын нөөмөттөгү инженерлери — 36-57-19, 30-07-67;
  • Түштүк район боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн ичинде иштеген системанын нөөмөттөгү инженерлери — 51-06-22, 21-74-06.
22
Белгилер:
эскертүү, инженер, көп кабаттуу үй, ысык суу, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте ысык суу качан бериле турганы айтылды
Новосибирск жарылуу болгон автогаз куюучу жайы

Кыргызстандыктар жабыркаган жарылуу: Новосибирскте АЗСтин директору кармалды

0
(жаңыланган 12:49 16.06.2021)
14-июнда аталган калаада автогаз куюучу жайда жарылуу болуп, анда жабыркагандардын арасында үч кыргызстандык бар экени айтылган.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Новосибирск соту жарылуу болгон автогаз куюучу жайынын директорун эки айга камакка алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Кырсыкка себепкер катары автогаз куюу жайынын директору менен инженери тергөө учурунда эки айга камакка алынды. Алдын ала маалыматтарга караганда, газ ташып келген атайын автоунаа газды куюу учурунда коопсуздук эрежелерин сактабай койгону себеп болушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 14-июнда жергиликтүү убакыт менен саат 18:00дөр чамасында Новосибирск шаарындагы автогаз куюучу жайда жарылуу болуп, анда жабыркагандардын арасында үч кыргызстандык болгон. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги алардын экөө ооруканада, бири үйүндө дарыланып жатканын, өмүрүнө коркунуч жок экенин айткан.

Ошондой эле өрттүн жана жарылуунун натыйжасында Кыргызстандын жараны ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана кыргыз жараны иштеген дөңгөлөк алмаштыруучу жай күйүп кеткендиги аныкталган. Дагы бир кыргызстандыктын документтери күйүп кеткен.

0
Белгилер:
камоо, директор, жарылуу, Новосибирск, Россия
Тема боюнча
Сузакта шахта урап, ичинде калып калган эки киши көз жумду
Унаа экиге бөлүнүп кеткен. Түптөгү жол кырсык эки кишинин өмүрүн алды. Сүрөт