Бүгүн Бишкекке Белоруссиядан 182 кыргызстандык алып келинди

Бишкекке Минск аркылуу Европадагы кыргызстандыктар алып келинди

(жаңыланган 10:26 08.07.2020)
Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу иштери уланып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 8-июл — Sputnik. Бүгүн Бишкекке Белоруссиядан 182 кыргызстандык алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мекендештер Avia Traffic Company авиакомпаниясынын "Минск — Бишкек" каттамы менен келишкен.

Ошко Новосибирскиден 173 кыргызстандык учуп келди

Тизме Кыргызстандын Белоруссия жана Украина өлкөлөрүндөгү элчилик тарабынан Кыргызстандын Европа өлкөлөрүндөгү өкүлчүлүктөрү менен өз ара макулдашып түзүлгөн.

"Бул каттамда мекендештер менен кошо Белоруссия, Украина, Австрия, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Латвия, Словакия, Сербия, Италия, Испания, Румыния, Нидерланддар, Польша, Франция, Швейцария өлкөлөрүндө билим алып жаткан студенттер келишти", — деп айтылат билдирүүдө.

Тышкы иштер министрлиги чет жактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча аракеттер улана турганын белгилейт.

Белгилер:
Тышкы иштер министрлиги, алып келүү, кыргызстандыктар, Европа, Минск
Тема боюнча
Соль-Илецкиден 963 кыргызстандык Бишкекке алып келинди, дагы 12 автобус жолдо
Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди
Дарыгер. Архив

COVID: дарылануунун жаңы протоколу чыкты, уу коргошун да жазылганбы?

(жаңыланган 19:12 19.04.2021)
Коронавирустан дарылануунун жаңы протоколу 245 беттен турат. Буйрукка 16-апрелде кол коюлганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту аныктоо жана дарылоо боюнча бешинчи протоколду бекитти.

Буйрукка 16-апрелде кол коюлган. 38 пункттан турган документте коронавирустун эпидемиясын, этиологиясын жана патофизиологиясын аныктоо, диагноз коюу, бейтаптардын айрым топторун дарылоо боюнча сунуштарды карап чыгуу жана башкалар камтылган. Ошондой эле коронавирустун мутацияланып кетиши мүмкүндүгү да жазылган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мындан сырткары, протоколдо бейтаптарга далилденбеген дары-дармектерди, ошондой эле ооруну жеңил жана орточо көтөргөндөргө антибиотиктерди бербеш керектиги сунушталган. Анда антикоагулянттарды колдонуунун да жол-жобосу жазылганы айтылды.

Документте аконитти (Ысык-Көл тамыры, уу коргошун) колдонуу тууралуу жазылган эмес. Протоколдун электрондук версиясы менен министрликтин сайтынан таанышууга болот.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарылоону сунуштады. Бул дары чөптү президент Садыр Жапаров өзү кайнатып жасап жатканы белгилүү болгон. Президент менен министрдин дарылоо ыкмасы коомчулукту таң калтырып, түрдүү пикирлерди жаратууда.

Белгилер:
протокол, дарылоо, уу коргошун, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Эки окуучудан COVID-19 табылды. Ошто №20 мектеп карантинге жабылды
Кыргызстандын аэропортторуна чектөөлөр киргизилүүдө
Быйылкы сезондо Эверестке чыгууга уруксат алган 300дөн ашык адамдын арасында кыргызстандык Эдуард Кубатов

Эверестке Кыргызстандан биринчи болуп мен чыгам. Альпинист Кубатовдун маеги

(жаңыланган 19:11 19.04.2021)
Эверест чокусун багындыруу бардык альпинисттердин кыялы. Деңиз деңгээлинен 8 848 метр бийиктикте жайгашкан Тибет менен Непалдын чегиндеги бул чокуну багындырам деп жыл сайын дүйнөнүн ар бурчунан жүздөгөн альпинист келет. Бирок баарынын эле ою ишке аша бербейт.

Быйылкы сезондо Эверестке чыгууга уруксат алган 300дөн ашык адамдын арасында кыргызстандык Эдуард Кубатов дагы бар. Учурда 4 500 метр бийиктикте чокуга карай бараткан Эдуард мырза менен Sputnik Кыргызстан агенттиги байланышып, кыскача маек курду.

— Эдуард мырза, Эверестке баратканыңыз баарыбыз үчүн жагымдуу кабар болду. Сапарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

— Биз азыр деңиз деңгээлинен 4 500 метр бийиктикте жайгашкан Динплоче деген жерде баратабыз. Экспедициянын башталганына беш күн болду. Буюрса, 20-25 күндүн ичинде Эверестти багынтканга аракет кылабыз.

— Дүйнөнүн эң бийик чокусун багындыруу идеясы өзүнөн-өзү эле жаралбаса керек?

— Эверестти багындыруу менин альпинизм спортундагы эң чоң максатым болчу. Буюрса, аз күн ичинде ошол кыялымды орундатам. 

Альпинист Эдуард Кубатов из Кыргызстана вошел в число более 300 человек, которым разрешили подняться на Эверест в этом сезоне
© Фото / предоставлено Эдуардом Кубатовым
Альпинист Эдуард Кубатов

— Бул чокуга чыгууда тажрыйбасы жок альпинисттерге уруксат берилбейт эмеспи. Сиз канча жыл даярданып, кайсы чокуларга чыгып өзүңүздү сынап көрдүңүз?

— 6 жылдан ашык убакыттан бери даярданып келем. 2014-жылы биринчи жолу Чоң-Алай кырка тоосундагы Ленин чокусун багындыргам. Бийиктиги 7 134 метр. Андан кийин Түштүк Америкадагы Анд тоолорунун эң бийик чокусу болгон Аргентинадагы Аконкагуа чокусуна чыктым. Анын бийиктиги 6 960 метр. 2015-жылы Европанын эң бийик жери, 5 648 метр болгон Эльбрус чокусун багындырдым. Андан кийин Австралиянын эң бийик жери болгон Косцюшко чокусуна чыктым. Бул чоку өтө деле бийик эмес, деңиз деңгээлинен 2 230 метр бийиктикте. Чуркап эле чыкканбыз. Быйыл жаңы жылда деңиз деңгээлинен 5 895 метр бийиктикте турган Африкадагы эң бийик чоку — Килиманжарону багындырдым. Азыр эми Эверест чокусуна аттандым. Азыр даярдыгыбыз жакшы. Экспедициялык топтун моралдык духу аябай күчтүү.

— Эверестке чыгууну каалаган альпинисттер тажрыйбалуу компанияны тандашы керектигин билебиз. Кимдин жетекчилиги алдындагы экспедициялык топ менен баратасыз?

— Белгилүү жана тажрыйбасы мол орус альпинисти Александр Абрамовдун тобундамын. Экспедициянын курамында жалпы 14 альпинист барбыз.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Eduard Kubatov (@eduard_kubatov)

— Алардын баары сизге окшоп биринчи жолу бараткандарбы же арасында буга чейин Эверестти багынткандар да бар бекен?

— Жарымы Эверестти 2-3 жолу багындырган атактуу альпинисттер. Калгандары дүйнөдөгү башка чокуларга чыкканы менен Эверестке биринчи жолу бараткандар. Алардын ичинде мен дагы бармын.

— Азыр бир күндө канча аралыкты басып өтүүдөсүздөр?

— Учурда биз турган жерде абанын температурасы 6 градус суук. Учурда күн сайын 13-15 чакырым аралыкты басып, күнүгө 700-800 метр бийиктикке көтөрүлүүдөбүз. Азыр биз жаңы климатка жана улам өзгөрүлүп туруучу атмосферага көнүү үчүн жай баратабыз. Алдыда Лобуче деген 6 200 метрлик чоң тоо бар. Андан кийин базалык лагерлер башталат, ошондон ары жагын Эверестке карай чыныгы экспедиция десек болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Eduard Kubatov (@eduard_kubatov)

— Александр Абрамов баштаган топ өзүнчө эле баратасыздарбы же дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн келген альпинисттерге кошулдуңуздарбы?

— Быйыл жазгы сезондо Непал бийлиги дүйнөдөгү эң бийик чокуга чыгам деген 332 адамга лицензия берди. Учурда алар 33 эл аралык экспедициялык топтун курамында өз-өзүнчө баратышат. Негизинен Россиянын, Европанын, АКШнын, Жаңы Зеландия жана башка мамлекеттердин белгилүү компаниялары.

— Альпинисттер Эверестке чыгуунун баасы кымбат экенин айтып келишет. Сыр болбосо сиз канча акча жумшадыңыз?

— Ооба, каражат аябай эле көп кетет. 5 миң метрден жогорку лагерлерде чыгым аябай эле көп. Непалдын өзүнүн компанияларында киши башына баа 30-40 миң доллардан башталат. Ал эми дүйнөгө белгилүү чоң компанияларда 85-100 миң долларга чейин. Абрамовдун экспедициясына мен 60 миң долларга жакын каражат төлөдүм. Муну 2014-жылдан бери топтоп келгем.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Eduard Kubatov (@eduard_kubatov)

— Буга чейин Эверестке Кыргызстандан башкалар дагы чыкканбы же сиз биринчи баратасызбы?

— Кыргыздардын атынан өлкөбүздүн желегин көтөрүп биринчи мен баратам десем болот. 1997-жылы казак экспедициясы менен СССРдин эл аралык класстагы спорт чебери, кыргызстандык Дмитрий Греков Эверестти багынткан. Бирок ал Кыргызстандын эмес Казакстандын желегин көтөрүп чыккан.

Белгилер:
Кыргызстан, чоку, Эверест
Тема боюнча
Торонтодогу аудитор Айсулуу: Centerra Gold канадалыктар үчүн чакан эле фирма
Бишкектен Ошко чуркачу жөө күлүк Осмонбеков: азап тартып деп жактырбагандар бар