Акыркы суткада дагы 62 медиктен коронавирус чыкты

© AP Photo / Domenico StinellisСитуация в Италии из-за пандемии нового коронавируса
Ситуация в Италии из-за пандемии нового коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 1 287 учур катталды.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 62 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

  • Бишкек шаарында – 23;
  • Чүй облусунда – 16;
  • Ош шаарында – 9;
  • Ош облусунда – 1;
  • Нарын облусунда – 3;
  • Ысык-Көл облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 6;
  • Баткен облусунда – 3.

Ал эми бир суткада 7 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыкты.

Өлкөдө бир суткада 345 адам COVID жугузуп алганы аныкталды

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 1 287 учур катталды, алардын ичинен 522 медик стационарлардан айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0