Жугуштуу оорулардын ооруканасында кычкылтек маскасы. Архив

Нарын облусу 300 кычкылтек концентраторуна жана 17 ИВЛге муктаж болууда

1218
(жаңыланган 14:37 08.07.2020)
Жакында эле демөөрчүлөр 19 кычкылтек концентраторун алып беришкен. Облус жетекчиси дагы жардам сурап кайрылды.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Нарындын ооруканаларында кычкылтек концентратору жана өпкөнү жасалма дем алдыруу (ИВЛ) аппараты жетишсиз болууда. Бул туурасында өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, облустук жана райондук ооруканаларда учурда 153 кычкылтек концентратору пайдаланылып жатат, дагы 300дөй аппаратка муктаждык жаралууда. Ал эми өпкөнү жасалма дем алдыруучу 28 аппарат бар, дагы ушундай 17 жабдуу жетишпей жатат.

"Бизде орун даярдалганы менен медициналык жабдуулар жетишсиз болууда. Учурда колдогу аппараттар менен медиктерибиз кырдаалдан чыгып жатат. Жакында эле демөөрчүлөр 19 кычкылтек концентраторун алып беришти. Жолдо дагы келе жатканын айтышууда. Жардам берем деген колунда бар мекендештерибизге абалды түшүндүрүп кайрылып жатабыз. Ошону менен бирге кыйналган элге колдоо көрсөткөндөргө чоң ыраазычылык билдирем", — деди Алымкулов.

Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар

Ал мамлекеттик бюджеттен дагы керектүү медициналык жабдууларды алууга каражат бөлүнүп жатканын кошумчалады.

Алымкулов облус аймагындагы базарлардын ишине чектөө киргизилип жатканына токтолду.

"Борбордук базарлар саат 16:00гө чейин, ал эми мал базарлар жумасына бир жолу саат 14:00гө чейин иштеп жатат. Ал жерлерде Санэпидкөзөмөл кызматынын көрсөтүп берген алгоритмине ылайык ӨКМдин кызматкерлери өз убагында дезинфекциялык иштерди жүргүзүүдө", — деди өкүл.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

1218
Белгилер:
муктаждар, аппарат, кычкылтек концентратору, Эмилбек Алымкулов, Нарын
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2079)
Тема боюнча
Кыргызстанга дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди
Өкмөт кырдаалды кантип жөнгө салууда? Бороновдун билдирүүсүнүн кыскача тизмеги
Буурчак. Архив

Окумуштуулар кайсы өсүмдүк жүрөк ооруларына, кант диабетине жардам берерин айтты

11
(жаңыланган 08:32 09.08.2020)
Буурчак дандары (буурчак, кой буурчак, жасмык) жүрөк-кан тамыр системасына жакшы таасир этип, анын эсебинен адамдагы кант, холестерин азаят.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Буурчак өсүмдүктөрү кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүп, жүрөк ооруларын алдын алат. Бул тууралуу “Известия” жазып чыкты.

Канададагы Гуэлфск университетинин дарыгерлеринин айтымында, буурчак азыктар жүрөк-кан тамыр системасына жакшы таасир этип, анын эсебенин организмдеги кант жана холестерин азаят.

Ал эми Food.news интернет порталы жогорудагы өсүмдүктөр кан тамырларды жабыркатпай турганын жазат. Бирок ошол эле маалда аны бардык илдеттерге шыпаа болот деп санабоо керектигин эскертет.

Чач түшпөсүн, тырмак сынбасын десеңиз... С витамини көп 8 азыктын тизмеси

Анын курамында түрдүү клетчатка жана белок арбын. Адистер андан тамак-аш даярдоо алдында буурчактарды сегиз саатка чейин сууга чылап койсо, көбүүрөк пайда болорун баса белгилешет.

11
Белгилер:
төө буурчак, Окумуштуулар, ден соолук
Тема боюнча
Сексолог төшөк мамилесин арттырууга жардамчы болгон азыктарды санап берди
Көмөч казан эскирип калганын кантип билсе болот? Шеф-повардан кеңештер
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

119
(жаңыланган 21:03 08.08.2020)
8-августтан 10-августка чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. 9-август күнү, жекшембиде, республика боюнча жаан-чачын болуп, айрым аймактарда нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас өрөөнүндө +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +20...+25, Нарын жергесинде +21...+26 градус ысык болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +30...+32, Ош шаарында +32 ...+34 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Атада +21...+23 градусту көрсөтүп турат.

119
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы