Алдыда оор сыноо күтүп турат, чыдамдуу бололу. Суракматов шаардыктарга кайрылды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOУкук коргоо органдарынын кызматкерлери Бишкекте күзөттө турушат. Архив
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Бишкекте күзөттө турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэр шаардыктар чектөөлөргө баш ийип, тиешелүү эрежелерди так аткаруу менен жакындарын сактап каларын белгиледи.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жакынкы күндөрү оор сыноо күтүп турганын эскертип, шаардыктарды кайраттуу болууга чакырды.

Калаа башчы азыркыга чейин бардык өлкөлөрдө COVID-19дун түйүнү чечиле электигин белгилеп өттү.

“Биздин байкоолор боюнча обочолонуу режими катуу тартипте сакталган өлкөлөрдө гана коронавирус ооздукталууда. Жакынкы күндөрү жана аптада бизди оор сыноо күтүп турат. Чыдамкайлык жана кайраттуулук менен каршы турушубуз керек. Ошондой эле коюлган чектөөлөргө баш ийип, тиешелүү эрежелерди так аткаруу шарт. Ошондо гана оорунун жайылышын токтотуп, жакын адамдарыбыздын өмүрүн сактап кала алабыз”, — деп кайрылды Суракматов.

Суракматов: пневмонияга чалдыккандар көбөйүп, шаардыктарга коркунуч жаратууда

Мындан сырткары, мэр бул илдеттен дүйнө боюнча каза болгондордун саны 540 миңге жеткенин айтып, Россия, АКШ, Кытай жана Германия сыяктуу ири державалар илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, дарысын чыгара албай жатканын кошумчалады.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0