Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСитуация в связи с коронавирусом в Новосибирске
Ситуация в связи с коронавирусом в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психолог, психотерапевт, психиатрлар саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин элге аралыктан жардам көрсөтүшөт.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Ош жана Бишкек шаарларында калкка психологиялык жардам көрсөтүү үчүн атайын борбор түзүлдү. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Үй-бүлө жана коом” коомдук бирикмесинин колдоосу алдында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан чалуу борборлору ишке киргизилген.

Психолог: эми кайрадан үйдөн чыкпай отурууга көнүш керек

Анын алкагында психолог, психотерапевт, психиатрлардан турган адистер тобу колдоого муктаж адамдарга аралыктан акысыз жардам көрсөтүшөт. Аларга эртең мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин чалууга болот.

“Эгерде сиз коркуп, тынчсызданып жана баарлашып бугуңузду чыгарып алуу үчүн адистердин кеңешине жана колдоосуна муктаж болуп турсаңыз кайрылыңыз. Телефон чалуу же WhatsApp мессенджери аркылуу каалаган аймактан байланыша аласыз”, — деп жазылат маалыматта.

Тартынбай кайрылыңыз! Бишкектеги психологдордун акысы, дарек, телефондору

Психологдордун телефон номерлери:

  • Акпышаров Нурлан Токтосунович, Ош облустук психикалык ден соолук борборунун директорунун орун басары, врач-психиатр — 0553359455;
  • Базарбаева Гүлмира Кадыракуновна, психотерапевт — 0557272741;
  • Борбиева Бегаим Смановна, психолог — 0773248240;
  • Бровкина Светлана Николаевна, клиникалык психолог — 0551949549;
  • Жолдошбаева Гүлмира Раимбековна, психиатр — 0770341709;
  • Жолдошева Акчач Өлмасовна, психолог — 0772702642;
  • Кабылбекова Гүлмира Кадыракуновна, балдар психиатры — 0779 053828;
  • Копошева Нурзат Таалаевна, психотерапевт — 0556582268;
  • Рустам кызы Бакыткүл, балдар клиникалык психологу — 0554664774;
  • Ураев Султан Салиевич, психолог — 0555788007;
  • Файзулина Зарина Тимуровна, психиатр — 0552280286;
  • Федорова Людмила Юрьевна, психиатр — 07093553;
Жаңылыктар түрмөгү
0