Жамгыр, добул жана кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

© Фото / Геннадий ЗакировБишкекте чагылгандар. Архив
Бишкекте чагылгандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер жакынкы күндөрү аба ырайы улам өзгөрүлүп турарын айтышты. Бир катар жерлерге мөндүр түшүп, жаан-чачын арбын болот.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет 13-июлга чейин аба ырайы кандай болорун айтып, ага кошумча 14-15-июлга да божомол кылды.

Ведомствонун берген маалыматына караганда, 9-11-июлда күндүн көзү бузулуп, жер-жерлерде добул, жамгыр жана мөндүр күтүлөт. Бир катар жерлерде нөшөр болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Алдыда аптаптуу ысык болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы

Синоптиктер күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жерлеринде жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти.

Чүй жана Талас облусу

  • 9-июлда Чүйдүн кээ бир райондоруна жамгыр жааса, тоолуу райондоруна кар түшөт. Талас облусунда күн ачык болот, бирок эртең менен жана күндүз бир катар аймактарына жамгыр, ал эми тоо тарапка кар жаайт.
  • 10-июлдун түнү тоолуу жерлерде добул, жамгыр күтүлсө, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Күндүз көп жерлерде жамгыр, тоо тарапта кар, Чүй облусунун бир катар райондорунда жаан-чачын күтүлөт.
  • 11-июлда кээ бир райондордо күндүн көзү бузулат. Күндүзү жамгыр, добул болуп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
  • 12-июлдун түнүндө Таластын бир катар аймактарында, Чүйдүн тоолуу райондорунда кыска мезгилге жамгыр төгүп, бийик тоолорго кар түшөт. Чүйдүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Күндүз кээ бир аймактарда жамгыр жааса, бийик тоолуу жерлерге кар түшөт.
  • 13-июлда Чүй облусунун тоолуу аймактарында кыска мөөнөткө жамгыр жаайт, тоолуу аймактарга кар түшөт. Таласта жана Чүйдүн дыйканчылык аймактарында күндүн көзү бузулбайт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

  • 9-июлда кээ бир райондордо жамгыр, добул болсо, бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Эртең менен жана күндүз Ош, Жалал-Абаддын көп жерлеринде, Баткендин бир катар райондорунда добул болуп жамгыр жаайт, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
  • 10-11-июлда бир катар райондордо добул жана жамгыр болуп, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт. Тоолуу аймактарга кар түшөт.
  • 12-июлда бир катар райондорго кыска мөөнөткө добул жана жамгыр болуп, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт. Өрөөндөрдө күн ачык болот.
  • 13-июлда түнү аба ырайы бузулбайт. Күндүз тоолуу аймактарга кыска мөөнөткө жамгыр жаап, добул болот. Дыйканчылык аймактарда күндүн көзү бузулбайт.

Ысык-Көл облусу

  • 9-июлда көпчүлүк райондордо добул жана жамгыр жаап, ал эми бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Кээ бир аймактарда жаан-чачындын арбый турганы кабарланды.
  • 10-11-июлда да ушундай эле аба ырайы күтүлөрүн билдиришти.
  • 12-13-июлда кээ бир райондорго кыска мөөнөткө жамгыр төгүп, бийик тоолуу аймактарга кар түшөт.

Нарын облусу

  • 9-июлда добул болуп, аны жамгыр коштойт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт.
  • 10-июлда да ушундай эле аба ырайы болорун айтышты.
  • 11-июлда көпчүлүк аймактарда добул болуп, жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.
  • 12-13-июлда кыска мөөнөткө жамгырды добул коштоп, тоолуу аймактарга кар түшөт.

14-15-июлга карата болжолдуу аба ырайы

14-июлда түндө аба ырайы бузулбайт. Күндүз тоолуу аймактарга кыска мөөнөткө кар жаап, добул болуп, бийик тоолуу жерлерге кар түшөт. Ал эми дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Аба ырайынын келерки айга божомолу

15-июлда түнкүсүн Ысык-Көлдүн кээ бир райондорунда кыска мөөнөткө жамгыр жаап, добул болуп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда аба ырайы бузулбайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандарында кыска мөөнөттүү жамгыр жана добул болуп, ал эми тоолуу аймактарында кар жаайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0