Шоколад. Архив

Көңүлдү көтөрүп, иммунитетти бекемдөөгө шоколад сунушталды

(жаңыланган 08:32 09.07.2020)
Дарыгер шоколад какао-буурчактан жасаларын, ал эми анын курамында организмге оң таасирин тийгизген заттар бар экенин айткан.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Шоколад антиоксиданттарга бай жана иммунитетти бекемдөөгө жардам берет. Бул тууралуу РИА Новости туура тамактануу боюнча адис Варвара Зародинага таянып кабарлады.

Адистин айтымында, шоколад жеген учурда мээ дофамин жана серотонин деп аталган ырахат гормондорун бөлүп чыгарат. Мындан сырткары, шоколад иммунитетке оң таасирин тийгизет.

Кофеден баш тартыңыз! 40 жаштан өткөндөргө диетологдун кеңеши

Дарыгер шоколад какао-буурчактан жасаларын, ал эми анын курамында организмге оң таасирин тийгизген заттар бар экенин айткан. Анын бири — фламаноиддер. Анда уюп калган канга оң таасир эткен, иммунитетти бекемдөөгө жардам берген антиоксиданттар бар.

"Бир жагынан шоколадда кумшекер басымдуу. Көп учурда кумшекер шоколаддын пайдалуу жагын жаап коёт. Мындан улам ачуу шоколад пайдалуу. Анткени анда какао-буурчактар көп. Сүт кошулган шоколадда пайдалуу заттар аз болсо, ак шоколад зыян", — деген адис.

Белгилер:
иммунитет, шоколад, туура тамактануу, адистер
Тема боюнча
Семиртпейт. Уктаарда коркпой жеп жата турган тамак-аш, азыктар аталды
Бишкек шаарындагы эмен багы. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

Абанын температурасы жогорулаганына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Талас жергесинде +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +19…+24, Ош шаарында +23…+25 градус болору болжолдонду.

Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кайра суук болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы
Абхазиянын номери тагылган унаа. Архив

Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн

(жаңыланган 20:04 13.04.2021)
Кыргызстандын аймагына Абхазиянын номери тагылган унааларды алып кирүү жана эксплуатацияга берүү ЕАЭБдин бажы нормалары боюнча мыйзамдарын бузууга жатат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Абхазиянын номери тагылган унаалар бажы көзөмөл аймагындагы убактылуу сактоочу кампага киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстандын аймагына Абхазиянын номери тагылган унааларды алып кирүү жана эксплуатацияга берүү мыйзам бузууга жатат.

"Чет элдик жарандар ЕАЭБдин аймагына үчүнчү өлкөлөрдүн жеке колдонуусу үчүн унаасын ала келсе болот. Бирок андай машинаны КРдин аймагында колдонууга бир жыл гана убакыт берилет", — дешти министрликтен.

Киргизилген унааларды ЕАЭБдин аймагында үчүнчү тараптарга сатууга жол берилбейт. Декларант анын атына жазылган унааны өзү гана айдашы керек.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын аймагынан бажычылар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте Абхазиянын номерлерин тагып жүргөн 10 автоунааны кармаган.

Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, мыйзам бузуулар, унаа, Абхазия, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте Абхазиянын номери тагылган автоунаалар кармалууда
ЕАЭБ аймагында өзү өччү чылым пайдалануу сунушталып жатат