Бир суткада дагы 361 адам коронавирус жуктуруп алды

© AFP / MARK FELIXМедициналык кызматкер коронавируска тест кармап жатат. Архив
Медициналык кызматкер коронавируска тест кармап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Баткен облусу штабдын чечими менен карантинди күчөтүп, аймакка кирип-чыгууга тыюу салды. Мындан тышкары да айрым чектөөлөр кирди.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алган 361 адам катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары – 150;
  • Чүй облусу - 59;
  • Ош шаары - 43;
  • Ош облусу - 28;
  • Жалал-Абад облусу - 25;
  • Баткен облусу - 20;
  • Ысык-Көл облусу - 17;
  • Нарын облусу - 18;
  • Талас облусу - 1.

Ушуну менен коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 847ге жетти. Азыр стационарда 610 бейтап дарыланууда, анын бирөө реанимацияда. Үй карантининде дарыланып жаткандар 5 068 болду. Бүгүн коронавирустан дагы төрт киши каза таап, жалпы саны 116га жетти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0