Дагы 83 медицина кызматкеринен коронавирус чыкты

© Sputnik / Георгий Зимарев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер. Архив
Медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 1370 учур катталып, анын ичинен 532 медик стационардан чыккан.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 83 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары – 20;
  • Чүй облусунда – 5;
  • Ош шаарында – 22;
  • Ош облусунда – 12;
  • Нарын облусунда – 3;
  • Ысык-Көл облусунда – 8;
  • Жалал-Абад облусунда – 8;
  • Баткен облусунда – 5.

Ал эми бир суткада 10 медкызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда кечээтен бери пневмонияга чалдыккан 42 адам ажал тапты

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 1 370 учур катталды, алардын ичинен 532 медик стационарлардан айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0