Медициналык кызматкерлер оорукананын коридорунда. Архив

№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет

945
(жаңыланган 10:57 09.07.2020)
Буга чейин медик башкы дарыгер Жусуп Бошкоев өзүнүн тааныштарын, чиновниктерди жана алардын жакындарын жаткырууга медиктерди мажбурлап жатканын айтып чыккан.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бишкектеги №1 шаардык оорукананын башкы дарыгерине карата айтылган дооматтар боюнча Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия текшерүү жүргүзөт. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган ооруканада иштеген дарыгер Дөөлөтбек Ибраимов видео кайрылуу жасаган. Анда башкы дарыгер Жусуп Бошкоев өзүнүн тааныштарын, чиновниктерди жана алардын жакындарын жаткырууга медиктерди мажбурлап жатканын айткан. Ошол эле учурда “ооруканага келген бейтаптар кабыл алынбай калууда” деп билдирген. Мындан сырткары, жеке коргонуу каражаттарын туура бөлүштүрбөй, айрым буюмдарды бербей жатканына нааразы болгон.

Боронов өз жакындары үчүн орун "брондоп" жаткан дарыгерлер боюнча жооп берди

“Бул кайрылуу боюнча атайын көз карандысыз комиссия түзүлдү. Бүгүн Республикалык штабда премьер-министр текшерип, эртеңкиге чейин жыйынтыгын чыгарууга тапшырма берилди”, — деди Акматова.

Мындан сырткары, ал ооруканага келген бейтаптарды кабыл албай эшигин жаап алган медиктердин видеосу боюнча дагы жооп берип, эгер орундуктарды сатуу фактылары катталса, башкы дарыгер кызматтан алынарын эскертти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

945
Белгилер:
кайрылуу, комиссия, текшерүү, дарыгер, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2555)
Тема боюнча
Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
Партктагы гүлдөр. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

24
(жаңыланган 21:08 03.03.2021)
4-мартка караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.

Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.

24
Белгилер:
март, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Төө-Ашуудагы тайгактан жүк ташуучу унаалар өйдө чыга албай жатат. Видео
Кишенчен киши. Архив

Бизнесмен Жалил Атамбаев кармалып, камакка алынды

750
(жаңыланган 19:15 03.03.2021)
Шектүү мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз негизде байыган деп УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.

"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

750
Белгилер:
бизнесмен, камак, мыйзамсыз, Жалил Атамбаев
Тема боюнча
Жеке клиниканын башкы дарыгери Матраимовдун абалы начар экенин айтты
УКМК ЖК депутаты Абжалиевди мыйзамсыз байыган деп иш козгоду