КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акматова адистердин айтымына таянып, калктын 60 пайызы коронавирус менен ооруп чыгарын, коллективдик иммунитет иштелип чыкмайынча кырдаал эки жылга чейин созулушу мүмкүн экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус боюнча кырдаал азырынча эң начар сценарийлердин бири менен өнүгүп жатат. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө коронавирус жуктургандардын саны тездик менен өсүүдө. Буга Саламаттык сактоо министрлиги менен өкмөт жоопкерчиликтүү мамиле кылып, калк болсо айтылган эрежелерди так аткарышы керек.

Ал күзүндө жана кышында сасык тумоого кабылгандар көбөйүшү мүмкүн экенин айтып, бул дарт дагы пнемвонияга чейин жеткириши ыктымалдыгын эскертти. Акматова адистер бул убакытка чейин сасык тумоо жана пневмококк инфекциясына каршы вакцина алып коюш керектигин айтып жатканын кошумчалады.

Министрлик: коркпогула, өз алдынча антибиотик ичпегиле!

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Кыргызстандан чыккан окумуштуулардын тобу эл аралык эксперттер менен, анын ичинде Оксфорд университетинин илимпоздору менен кеңешип жатышат.

"Биздин окумуштуулар апрелде окуянын өнүгүшү боюнча бир нече сценарий иштеп чыгышкан. Азыркы тапта биз алардын ичинен эң начары менен кетип бара жатабыз. Кийинки божомолдоонун жыйынтыгы июлдун аягында даяр болот", — деди Акматова.

№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет

Ал күз-кыш мезгилдеринде кырдаал курчуп кетпеш үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи. Тагыраагы, кошумча орундарды түзүү, дары-дармектерди, жеке коргонуу каражаттарын камдоо, медициналык академиянын бүтүрүүчүлөрүнөн кадр даярдоо сыяктуу иштер жүрүп жатат.

Акматова адистердин айтымына таянып, калктын 60 пайызы коронавирус менен ооруп чыгарын, коллективдик иммунитет иштелип чыкмайынча кырдаал эки жылга чейин созулушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0