Боронов: элди чочуткан кабарларга маморгандар ыкчам жооп бериши керек

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов
Премьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, буга чейин соцтармак жана мессенджерлерде тик учак менен белгисиз зат чачылып жатат деген маалымат тараган.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Элди кооптондурган билдирүүлөргө мамлекеттик органдар ыкчам жооп берип турууга тийиш. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргенин Республикалык штабдан кабарлашты.

Эске салсак, буга чейин соцтармак жана мессенджерлерде тик учак менен белгисиз зат чачылып жатат деген маалымат тараган.

"Жакында эле тик учак менен белгисиз зат чачылып жатат деген билдирүү социалдык түйүндөргө тарады. Пандемияга байланыштуу ансыз да элибизге моралдык-психологиялык жактан жеңил эмес болуп турат. Мындай кооптондурган билдирүүлөргө мамлекеттик органдар ыкчам жооп берип турууга тийиш", — деди Боронов.

Министрлик: коркпогула, өз алдынча антибиотик ичпегиле!

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны акыркы эки жумадан бери тездик менен өсүп, азыркы тапта 8 847 учур катталды.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0