Ысык-Көлгө каттаган коомдук транспорт токтотулду. Жаңы чектөөлөрдүн шарты

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүРабота маршрутных такси и автобусов в Москве
Работа маршрутных такси и автобусов в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн облустук штабдын отуруму болуп региондор аралык жана облустун ичиндеги каттамдарга чектөө киргизилген.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облустук ыкчам штаб башка аймактардан жүргүнчү ташыган коомдук транспорт каттамын 10 күнгө токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-июлдан тарта региондор аралык жана облустун ичинде каттаган автобус менен маршруткалар ишин токтотот.

Баарыбыз бир кайыктабыз! Жээнбеков элге кайрылуу жасады. Видео

Ысык-Көлгө туроператорлор менен келишими бар кичи автобустар гана киргизилет. Такси кызматтары санитардык нормаларды сактап, салонго орундуктардын 70 пайызынан көп адам албашы керек. Башкача айтканда, жеке унаа жана такси менен баргандарга чектөө жок.

Ал эми элге өзүнө тиешелүү аймактарды дезинфекциялап туруу сунушталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0