Сайтты карап аткан киши. Архивдик сүрөт

COVID: зарыл болгон жардамды бир жерге топтогон жаңы сайт ишке кирди

137
(жаңыланган 17:09 09.07.2020)
Коронавируска каршы күрөшүү максатында ачылган сайтта тигил же бул ооруканага эмне жетишпей жаткандыгы тууралуу маалымат жайгаштырылат.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстанда медициналык мекемелерге көрсөткөн ыктыярчылардын жардамын координациялоо үчүн birge.pro https://birge.pro/ платформасы ишке кирди. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

"Бүгүнкү күндө көптөгөн ыктыярчылар жана жөнөкөй жарандар медициналык мекемелерге жана медициналык кызматкерлерге жардам берип жатат. Белгилей кетүүчү жагдай, координациянын жоктугунан улам жардам кайталанып, айрымдарына дээрлик жетпей да жатат. Ошондуктан "Бирге" платформасы ишке кирди. Негизги максатыбыз — медициналык мекемелерге жардам көрсөтүү жана колдоо маселелерин чечүү боюнча иш-аракеттерди максималдуу мобилизациялоо", — деп билдирген "Бирге" ыктыярчылар штабынын өкүлү Эльдар Шабданов.

ОшМУ студенттер жана адистерден турган 235 медикти даярдап жатат

Анын айтымында, медиктер менен байланышта болгон ыктыярчылардын милдеттерин пландай турган сайтта тигил же бул ооруканага эмне жетишпей жаткандыгы тууралуу маалымат жайгаштырылат. Алар жеке коргонуу каражаттар, тамак-аш, медициналык препараттар, дары-дармектер сыяктуу учурда зарыл болуп турган нерселер. Ар бир каалоочу билдирмени көрүп, ишти андан ары алып кетсе болот. Платформа билдирменин аткарылышын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Министрлик: Кыргызстанда 12 дарыга муктаждык жарала баштады

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Адилет Абылов бул платформаны бирдиктүү мамлекеттик портал катары интеграциялоо пландалып жатканын кошумчалаган. Анын айтымында, бул жерге баарына жеткиликтүү боло турган маалыматтык ресурстар жайгаштырылмакчы.

137
Белгилер:
каражат, дары, жардам, эпидемия, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2079)
Тема боюнча
Биз болбосок ким?! Жетекчи спортчуларды COVID менен күрөшүүгө жардамга чакырды
Баарыбыз бир кайыктабыз! Жээнбеков элге кайрылуу жасады. Видео
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

107
(жаңыланган 21:03 08.08.2020)
8-августтан 10-августка чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. 9-август күнү, жекшембиде, республика боюнча жаан-чачын болуп, айрым аймактарда нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас өрөөнүндө +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +20...+25, Нарын жергесинде +21...+26 градус ысык болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +30...+32, Ош шаарында +32 ...+34 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Атада +21...+23 градусту көрсөтүп турат.

107
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков: ооруканалардын курулушуна 100 млн доллар салчу адамдар бар

88
Президент болуп жаткан аракеттер ишке ашса оор илдеттер менен жабыркаган кыргызстандыктар чет өлкөгө барбай эле өз өлкөсүндө дарылана тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы типтеги, эң алдыңкы технология менен жабдылган ооруканалар курулат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" (КТРК) маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, медициналык мекемелер мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде салынат.

"Буга чейин мен айткандай облус борборлорунда жана башка шаарларда жаңы типтеги, бардык медициналык кызмат көргөзгөн ооруканалар болот. Биз бейтаптар шаардын бир башынан тиги бурчуна барбай, бир жерден эле бардык кызматтарды алса деп жатабыз. Андай ооруканалардын курулушуна 100 миллион доллар салууга даяр инвесторлор бар. Бул маселе менин көзөмөлүмдө", — деди өлкө башчы.

Өлкөнүн жети облусунда инфекциялык ооруканалар салына баштады. Тизме

Президент ошондой эле ал аракеттер ишке ашса оор илдеттер менен жабыркаган кыргызстандыктар чет өлкөгө барбай эле өз өлкөсүндө дарылана ала тургандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, учурда өлкөнүн жети облусундагы ооруканалардын курулушу башталып, аларды бир же бир жарым айда бүткөрүү пландалып жатат.

88
Белгилер:
курулуш, оорукана, Сооронбай Жээнбеков, президент
Тема боюнча
Боронов: Ошто өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат чыгарылат
Өлкөнүн банктары ооруканаларга 6 ИВЛ, 100 кычкылтек концентраторун алып берди
Бейрутта нааразычылык акциясы

Бейруттагы митингдер күч алды. Акыркы маалыматтар видеодо

0
(жаңыланган 00:44 09.08.2020)
Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасын жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бейрутта нааразычылык акциясына чыккандар бир нече министрликти басып алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасын жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда.

Буга чейин митингчилер ТИМдин имаратына кирип, артынан полиция барганы айтылган. Айрым маалыматтарга караганда, тартип сакчылары элди кууш үчүн ок чыгарган. Бирок расмий тараптар бул маалыматты төгүндөп жатат.

Жеринде тартылган видеолор RT Телеграм-каналында жана Твиттерде жарыяланып жатат.

Акыркы маалыматтарга караганда, жабыркагандардын саны 170ке жетти. Бир нечеси ооруканага жеткирилди.

Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты

Ошондой эле бир полиция кызматкери өлгөнү маалым болду. Ал Le Grey мейманканасындагы кагылышууда жаракат алган.

Өлкөнүн премьер-министри Хассан Диабдын элге кайрылуусунда өкмөттүн эмки жыйынында мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштай турганын айтты. Анын пикиринде, ушул чечим гана өлкөнү кризистен куркарып кала алат.

​Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору болгон Бейрут шаарындагы портто катуу жарылуу болгон.

0
Белгилер:
полиция, эл, митинг, жарылуу, Бейрут
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Бейруттагы жарылуу төрт оорукананы талкалады. Жабыркагандар жардамга муктаж
Бейрутта ири жарылуудан кийин нааразычылык акциясы башталды. Видео