Финпол керектүү дарыларды Казакстанга алып бараткандарды кармады

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүДарыкананын кызматкери иш учурунда. Архив
Дарыкананын кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чалдовар" бекетинде Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын текшергенде алма салынган коробканын астынан дарылар чыккан.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Вируска каршы колдонулчу медициналык препараттарды Кыргызстандан чыгарып кетүүгө аракет кылгандар аныкталды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.

Аталган органдын Жайыл жана Чүй райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери УКМК жана Чек ара кызматы менен биргеликте дары-дармектерди мыйзамсыз чыгарып кетүүгө каршы иш-чара өткөргөн.

Төрага Дастан Жумабеков дарыканаларды кыдырып, бааларды тизмектеп чыкты. Видео

Анын алкагында "Чалдовар" өткөрмө бекетинен Казакстандын жараны башкарып бара жаткан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.

"Жүк ташуучу унааны текшергенде алма салынган коробкалардын астынан вируска каршы колдонулчу "Эуфиллин" дарысынан 520 таңгак жана "Левомакс" препаратынан 460 таңгак табылган. Анын тиешелүү документтери жок болуп чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам товар ташып бара жаткан автоунаа айып короого киргизилген.

Финпол бааны жогорулаткан фарм-компаниянын жетекчилерине иш козгоду

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Финпол ушул сыяктуу мыйзам бузуу фактыларына күбө болгондордун аймактык жетекчилерге кайрылышын өтүнүп, телефон номерлерин берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0