Талас облусу Бишкек менен каттамдарды токтотуп, эки жумага жабылды

© Sputnik / Таалай ОроскуловТалас областындагы арка. Архив
Талас областындагы арка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү элдин кайрылууларын эске алуу менен облустук штаб бир нече чектөөлөрдү киргизүү боюнча чечим кабыл алган.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Талас облусуна кирип-чыгууга тыюу салынып, мечиттер жабылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү элдин кайрылууларын эске алуу менен облустук штаб чечим кабыл алган. Ага ылайык жүргүнчү ташыган кичи автобустар, такси кызматтарынын кирип-чыгышына тыюу салынды. “Талды-Булак” постунан облуста каттоосу бар тургундар, негиздүү себептер менен бара жаткандар жана жүк ташуучулар гана өткөрүлөт.

КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу 

Ошондой эле мечиттер дагы толугу менен жабылган. Футбол аянтчасы сыяктуу спорттук оюндар өтчү жайлардын ишине дагы чектөө киргизилди.

Мал базарларда дагы эл көп чогулгандыктан ишин токтотуу чечими кабыл алынган.

Мындай чектөөлөр эки жумага созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0