Ганси базасындагы убактылуу ооруканаларда 30 орундуу жандандыруу бөлүмү. Архивдик сүрөт

Апасынан айрылган кыз: "Гансиде" ачылды делген реанимациялык блок иштеген жок

4180
(жаңыланган 11:38 10.07.2020)
Түндө абалы оорлошкон аялды балдары реанимацияга жаткыра албай коюшкан. Тилекке каршы, бейтап таңга жуук каза болуп калган.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кечээ, 9-июлда, "Ганси" базасындагы убактылуу ооруканаларда 30 орундуу жандандыруу бөлүмү ачылганы кабарланган. Бирок ал абалы оор бейтаптарды кабыл албай жатканын айтып Sputnik Кыргызстанга окурман кайрылды.

Анын билдиришинче, бүгүн түндө пневмонияга чалдыккан апасынын абалы оорлошуп кеткенде реанимацияга жаткыра албай коюшкан. Тилекке каршы, бейтап таңга жуук каза болуп калган.

"Апам "Гансидеги" ооруканада дарыланып жаткан. Бул жерде "жандандыруу бөлүмү ачылды" деп айтышкан, анысы жок, иштебейт жатат. Түнү менен өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат издеп чыктык. Реанимация да, жасалма дем алдыруучу аппарат дагы жок экен", — деп ыйлады апасынан айрылган кыз.

№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет

Деген менен Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова бүгүнкү брифингде жандандыруу бөлүмү иштеп жатканын айтууда.

"Аны ишке киргизиш үчүн акыркы келип жаткан кычкылтек концентраторлор менен камсыз кылып, жетишпей жаткан медиктерди окутуп жөнөткөнгө чейин бир-эки күнгө созулуп кетти. Бирок азыр ал жерде реаниматологдор, дарыгерлер бар, бейтаптарды кабыл алып иштеп жатат", — деп жооп берди Акматова.

Белгилей кетсек, "Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды" деп алгачкы жолу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 6-июлда маалымдаган. Бирок анда дагы окурмандар кайрылып, жандандыруу бөлүмү иштебей турганын, кычкылтек концентраторлору жок экенин билдиришкен.

Буга Медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов жооп берип, 8-июль күнү саат 17.00дөр чамасында ишке киргизилгенин айткан. Андан бери эки күн өтсө да, кайра эле даттануулар түшүп жатат.

Кыргызстанда пневмониядан 40, коронавирустан 6 адам кайтыш болду 

Эске салсак, "Манас" аэропорту жактагы Американын мурдагы "Ганси" авиабазасына 600 орундуу оорукана уюштурулган. Кошумча дагы талаа госпиталы даярдалган.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

4180
Белгилер:
иштөө, өлүм, реанимация, бейтап, оорукана
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2102)
Тема боюнча
Саламаттык сактоо министринен пневмония, орун басарынан COVID аныкталды
Чүйдүн төрөт үйлөрү иштебей жатат деген маалымат төгүндөлдү
Беларустагы башаламандыктын катышуучусун кармап жаткан милиция кызматкери

Беларустагы башаламандыкта 68 кабарчы кармалып, 20дан ашыгы дагы эле камакта

39
(жаңыланган 23:57 13.08.2020)
Буга чейин бир катар жергиликтүү жана чет элдик кабарчыларга карата күч колдонуп, аларды камакка алган фактылар болгон.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Беларуста укук коргоо кызматкерлери 9-августтан бери 68 кабарчыны кармаган, 20дан ашыгы дагы эле камакта. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Беларустагы журналисттер ассоциациясынын маалыматына ылайык, 23 журналист камакта.

"13-август саат 17.40ка карата 23 журналист камакта жатат. 9-августтан бери жалпы 68 кабарчы кармалган. Аларга карата күч колдонгон 29 учур катталган", — деп жазылган ассоциациянын Telegram-каналында.

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

Башаламандыкта буга чейин "Комсомольская правданын" журналисти менен айдоочусу сабалган. Кийин жергиликтүү погончондор BBC кызматынын үч кызматкерине кол салган деп айтылат маалыматта. Андан сырткары, Onliner порталынын эки кабарчысына күч колдонуп кармаган.

Ага чейин бир катар россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да колго түшүп, айрымдарын Беларусь беш жылга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салып, коё берген.

39
Белгилер:
кармоо, журналист, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Минскидеги башаламандык таңга жуук токтоду
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Эгин талаа. Архив

Жумага карата аба ырайы

49
(жаңыланган 21:03 13.08.2020)
Синоптиктер 14-августта түнкүсүн өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөрүн маалымдашты.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жума күнү, 14-августта, күндүз республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +20...+25 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +32...+34 градуска чейин жетсе, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +22...+24 градуска көтөрүлөт.

49
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Бүгүн, эртең тоолуу аймактарда сел жүрөт