Өкмөт: беш күндөн кийин 13 тез жардам унаасы жана 17 ИВЛ-аппарат алып келинет

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүФилатовская больница готова принимать пациентов с коронавирусом
Филатовская больница готова принимать пациентов с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер июль жана август айларында өлкөгө дем алуу аппараттары келерин да кошумчалады. Медициналык жабдуулар Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында алынат.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. 15-июлда өлкөгө 13 тез жардам унаасы жана 17 ИВЛ аппараты алып келинет. Бул тууралуу вице-премьер Аида Исмаилова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул медициналык жабдуулар Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында алынат.

COVID-19ду ооздуктоого чет жактан алынган акчанын 2,2 млн. доллары бөлүнгөн

"Тендер өткөрүлүп, банк менен 6 миллион 126 миң 598 долларлык келишим түзүлгөн. Анын алкагында июль-август айларында дем алдыруучу аппараттар алып келинет. Мындан сырткары, 15-июлда 17 ИВЛ аппараты жана 13 тез жардам унаасы да келет", — деди Исмаилова.

Ал 840 миң долларга дары-дармек сатып алуу маселеси каралып жатканын айтып, ЮНИСЕФ аркылуу 835 миң 485 долларга жеке коргонуу каражаттарын алуу пландалганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0