Июлдун аягына чейин Дубайдан Бишкекке үч жолу аба каттамы уюштурулат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүFlydubai авиакомпаниясынын учагы. Архив
Flydubai авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн өлкөгө Бириккен Араб Эмирлигинен 122 кыргызстандык алып келинди. Алардын арасында бөбөктөр дагы бар.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бүгүнкүдөн сырткары 17, 24 жана 31-июлда Бириккен Араб Эмирлигинен Кыргызстанга дагы үч каттам уюштурулат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Штаб авиабилеттерди сатып алуунун алдында авиакомпаниядан Дубайдагы буга чейин жасалган транзиттик каттамдар жана чыгуучу каттамдарга уруксатты тактоо керектигин эскертти.

Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди

Эске салсак, бүгүн, 10-июлда, өлкөгө Бириккен Араб Эмирлигинен 122 кыргызстандык алып келинди. Алардын арасында балдар да бар. Fly Dubai авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын "Манас" аэропорту тосуп алган.

Мындан сырткары, Кыргызстанга Улуу Британия жана Бахрейндеги мекендештердин да кайтып келгени маалымдалды. Алар Дубайдын аэропортунан Emirates airlines авиакомпаниясы аркылуу алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0