Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев. Архивдик сүрөт

Суракка чакырылган экс-министр Космосбек Чолпонбаев оор абалда ооруканага түштү

1823
(жаңыланган 18:45 10.07.2020)
Мурунку министрге жүрөктүн коронардык оорусу жана эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлган.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жүрөгү ооруп, оор абалда ооруканага түштү. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстанга Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев тастыктады.

Анын айтымында, экс-министр кечээ, 9-июлда, түнкү саат 12.00лер чамасында Кардиология борборуна тез жардам унаасы менен алып келинген.

"Бизге жүрөктүн коронардык оорусу менен оор абалда түшкөн, учурда бир аз жакшырып калды. Азыркы абалы ортодон оорураак деп бааланууда. Мындан сырткары, андан эки тараптуу пневмония дагы аныкталды. Коронавируска дагы анализ алдык, анын жыйынтыгы чыга элек. Учурда ал обочолонгон реанимациялык блокто жатат", — деди дарыгер.

Кайсы оору түрмөгө отургузбайт? Илдеттердин тизмеси

Белгилей кетсек, кечээ, 9-июлда Космосбек Чолпонбаев Финполго суракка чакырылган. Ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата "коррупция жана өзүнчө бир фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон" деп козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берери айтылган.

Космосбек Чолпонбаев 2018-жылы 20-апрелде саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган. Быйыл коронавирустун алдын алуу иштерин чабал аткарганы үчүн президент Сооронбай Жээнбековдон тил угуп, 1-апрелде кызматтан алынган.

Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, январь айында вирусологдор менен лаборанттар Чолпонбаевге COVID-19 жуктургандарды аныктоо жана анализдерин чыгаруу үчүн тест-системаларды алуу зарылдыгын айтып, бир нече жолу кайрылышкан. Бирок алардын сунуштары этибарга алынган эмес. Мунун кесепетинен лабораторияларды керек болгон материалдар менен камсыздоо түйшүк жараткан.

1823
Белгилер:
пневмония, жүрөк, оорукана, сурак, Космосбек Чолпонбаев
Тема боюнча
Мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова суракка чакыртылды
Алмазбек Атамбаев пневмониядан айыгып кайра абакка которулду
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

49
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

49
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды
Противогаз кийген ӨКМ кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Оштогу күйдүргү: ооруканада канча киши калды

90
(жаңыланган 21:36 14.08.2020)
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында 24-августка чейин 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ошто күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөндөрдүн арасынан бирөөндө гана вирус аныкталды. Калган жети киши үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Күйдүргү бир адамдан чыкты, калганы таза экен. 24-августка чейин айылда 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 11-августта Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Кийинчерээк бир кишиден күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталып, Тогуз-Булак айылы карантинге алынган. 

90
Белгилер:
анализ, вирус, күйдүргү, Ош
Тема боюнча
Ош: күйдүргү чыккан уй эмделбегени үчүн ветеринарлар жазаланды