Колл-центр оператору. Архив

Ошто психологдор акысыз кеңеш берип жатат. Телефон номерлери

126
(жаңыланган 17:35 01.03.2021)
Психологдорго саат 10.00дөн 17.00гө чейин телефон чалуу же WhatsApp мессенджери аркылуу кайрылууга болот.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ош шаарында психологдор жарандарга акысыз кеңеш берип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, учурдагы кырдаалдан санаа тартып, кыжалат болуп же дүрбөлөңгө түшүп жаткандар жогорку билимдүү, тажрыйбалуу психологдорго кайрылса болот.

ОшМУ студенттер жана адистерден турган 235 медикти даярдап жатат

Алар эртең мененки саат 10.00дөн 17.00гө чейин иштейт. Бул убакыттын аралыгында телефон чалуу же WhatsApp мессенджери аркылуу байланышууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Психологдордун телефон номерлери:

  • Акчач Жолдошева — 0772702642;
  • Гүлипа Борбиева — 0773843461;
  • Гүлнара Онкошова — 0557175780;
  • Ражопхан Содикова — 0550202815;
  • Надежда Домашова — 0555 840109;
  • Наргиза Ештаева — 0557777405;
  • Рахат Камилова — 0555834551.
126
Белгилер:
коронавирус, кырдаал, кеңеш, психолог, Ош шаары
Тема боюнча
Психологдун жардамына муктажсызбы? Акысы, дареги, телефондору
Жылкыбаев: Ош облусунда абал туруктуу, дүрбөлөң түшпөңүздөр
Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери
Милиция кызматкери. Архив

Жол кырсыгын болтурбайлы. Милиция ыктыярчыларга эскертүү берди

8
Кайгуул кызматкерлери оорулууларга жардам берген ыктыярчыларды түшүнүү менен кабыл аларын, бирок автоунаа өткөн жолдун тилкесине чыкпоону суранышты.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бишкекте ыктыярчылар менен кайырчылар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Буга алардын жол тыгынын жаратып жатканы тууралуу маалыматтар себеп болгонун Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Ага ылайык, айдоочулар милиционерлерге кайыр сурагандар чоң көчөлөрдө тыгын жаратып, кээде кырсыкка да учуратып жатканын айтып кайрылышкан. Ошондой эле алардан айланып өтөбүз деп "Коопсуз шаардын" камераларына түшүп калып жатканын айтышкан.

Мындан тышкары, милиционерлер ыктыярчылар менен да сүйлөшкөн.

"Кызматкерлер катуу оору менен алышып жаткандарга жардам берген ыктыярчыларды түшүнүү менен кабыл алат. Анткен менен жол кырсыгын, тыгындарды жана ар кандай кырдаалдарды алдын алуу үчүн автоунаа өткөн жолдун тилкесине чыкпоону суранат", — деп айтылат маалыматта.

Кайгуул милиция тараткан сүрөттөн чоң желим бөтөлкөгө каражат чогулткан ыктыярчыларды көрүүгө болот.

8
Белгилер:
түшүндүрүү иштери, тыгын, жол кырсык, кайырчы, ыктыярчылар, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Айтикул уулу: жыл башынан бери Бишкекте 841 жол кырсыгы катталды
Кан басымын өлчөө учурунда. Архив

Кан басымды түшүрүүгө кайсы азыктар жардам берет? Адистин кеңеши

52
Алма кан басымды өз калыбында кармап турууга жакшы жардам берет. Себеби бул жемиштин курамында тамак сиңирүү системасына жакшы таасир эткен пектин бар.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Аз кыймылдоо жана туура эмес тамактануу адамды гипертония, башкача айтканда, кан басымды көтөргөн ооруларга алып келет. Бул тууралуу нутрицолог Александр Мирошников билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, алма кан басымды өз калыбында кармап турууга жакшы жардам берет. Себеби бул жемиштин курамында тамак сиңирүү системасына жакшы таасир эткен пектин бар. Алма клетчаткага бай жана канда жаман холестеринди азайтып, кан басымды төмөндөтүүгө көмөктөшөт. Гипертонияны алдын алуу үчүн күндүз бир-эки алма жеп коюу жетиштүү.

Мындан сырткары, гипертония оорусу менен күрөшүүгө кызылча да жакшы жардам берет. Анын курамында пектинден сырткары азоттун оксиди бар. Ал кан тамырларды кеңейтүүгө жооп берет. Дарыгер кан басым көтөрүлгөн учурда кызылчанын ширесин ичүүнү сунуштаган.

Ошондой эле кан басымды төмөндөтүүгө кургатылган өрүк да миңдин бири экени кошумчаланды. Анткени ал калийге бай. Бул зат да кан тамырларды кеңейтет.

Жүрөк-кан тамыр системасына майлуу Омега-3 кычкылы да пайдалуу. Адис кан басым өз калыбында болуп турганда аны колдонсо болот, бирок көтөрүлүп кеткен учурда колдонбош керектигин эскертти.

Дарыгер гипертониктерге күнүнө беш граммдан (бир чай кашык) ашык туз колдонбоону да сунуштаган.

52
Белгилер:
гипертония, кан басымы, дарыгер
Тема боюнча
Ичеги-карынга пайдалуу азыктар айтылды
Таң атпай ачкарын жегенге болбой турган азыктар. Адистин кеңеши