Мончодон чыкса деле киши кирдейт. Чубак ажынын учкул сөздөрү

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү дин аалымы, Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов
Белгилүү дин аалымы, Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
45 жашында дүйнө салган Чубак ажы Жалилов оозунда сөзү бар, дин тууралуу жалпак тил менен, ошол эле учурда илимге таянып түшүндүрүп берген аалым эле. Көзүнүн тирүүсүндө ал ЖМКлар аркылуу элдин суроолоруна азил-чыны аралаш жооп берип турчу.

Журналист Мирбек Сакенов дин аалымынын элге сиңип, элде калган кызыктуу жоопторунан, учкул сөздөрүнөн сунуштайт.

— Жаттаган нерсем эсимден чыгып калат. Эмне кылсам болот?

— Жаттаганыңды кайталап тур.

— Намазды кыргызча окуса болбойбу?

— Болот, бирок кыраатын кайсы обончуга жаздырасыз?

— Мечит көбөйдү. Алардын ордуна мектеп курса болбойбу?

— Болот, ким кой деди. Курам дегендер болсо курсун.

— Арак деле нан жасалган буудайдан жасалат да. Аны эмнеге арам дейсиңер?

— Энеңиз менен кызыңыз деле аял да, эмнеге аларга үйлөнбөйсүңөр?

Белгилүү дин аалымы Чубак ажы дүйнөдөн өттү

— Канча жаштан баштап мусулманга сакал коюу сүннөт?

— Сакал чыккандан баштап.

— Буюрса, жакында жигитим экөөбүз турмуш курабыз. Ага чейин өбүшүп жүрөбүз, арам эмеспи?

— Кой, антпе! Уят болот. Анан деле өбүшүп, андан деле чарчайсың. Жаның чыкпай коё тур. Шерменделик болот…. Кокуй күн….

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү дин аалымы, Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов
Мончодон чыкса деле киши кирдейт. Чубак ажынын учкул сөздөрү - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү дин аалымы, Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов

— Карыганда деле намаз окуганга жетишсе болот деп айтышат?

— Туура айтасыз, азыр эрте. Өлүм периштеси кечке чейин келип калса керек.

— Классташ кыздарга даават кылсам болобу? (Суроону узаткан эркек бала)

— Чогултуп алып жалпы айтсаң бир жөн, анан кечеге барып, музыканын коштоосунда, караңгы бурчка барып шыбырап айтсаң болбойт…

— "Адалсынган молдодон алты камандын башы чыгат" деген сөз бар эмеспи?

— Молдоке айылдын баарын тазалаган тура.

— Шыпыргыны тикесинен коюп койсо эмне болот?

— Алганга ыңгайлуу болот.

Чубак ажынын сөөгү кайда качан коюлары айтылды

— Кашкулактын төрт шыйрагын кесип салса адал болот деген туурабы?

— Кудай арам кылган нерсе шыйрагын кесип койсо эле адал болуп калбайт.

— Кыргыздын кыздары жүздөрүн чүмкөгөн эмес.

— Анткени бүгүнкүдөй эркектери болгон эмес.

— Көзү ачыктарга ишенбейм, бирок алар дубалап берген чайын ичип, тузун колдонсо болобу?

— Болбойт, садагаң кетейин! Ишенбесең, эмнеге ичесиң?

— Азыр жаштар ата-бабасы койбогон сакалды коюп калды…

— Тетирисинче, азыр ата-бабалар койгон сакал коюла баштады. А силер аны алып салгансыңар. Курманжан даткадан башка кыргыздын бүт жакшыларынын сакалы болгон.

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү дин аалымы, Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов
Мончодон чыкса деле киши кирдейт. Чубак ажынын учкул сөздөрү - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү дин аалымы, Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов

— Кыздарга жоолук салып, баарын чүмкөп салсаңар эркектер кимди карайт эми?

— Өздөрүнүн кыздарын чечинтип алып карай берсин, сөзсүз бирөөнүн кызын караш керекпи?

— Аялы бар эркек көчөдө кетип бараткан чырайлуу, сулуу кыздарга суктанып караса эмне болот?

— Көзү агып түшөт. Аны кыяматта билет.

— Жолдошум каза болуп калган. Башка менен турмуш кургум келбейт… жалгыз өтсөм күнөө эмеспи?

— Жалгыздык Жаратканга гана жарашкандыктан, пенделери колдон келишинче никелүү болгону жакшыраак. Бирок милдеттүү эмес.

— Арак кошулган коланы байкабай ичип алгам, күнөө болбойбу?

— Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң…

— "Жылкынын баары жорго болот, жиндинин баары молдо болот" деп бир олуя айткан экен. Азыр деле андайлар толтура го?

— Ооба, азыр жинди атыкпаган молдо — чындыгында жинди. Анткени пайгамбарыбызды жинди дешкен. Бирок ким жинди болуп чыкты?

— Ажыдан келип алып, мурдагыдан бетер бузукулук кылгандар бар?

— Туура, эшек Аравияга барып келсе деле эшектигин кылбай койбойт.

Жалилов Чубак Тажибаевич — өмүр баян

— Жолдошум экөөбүз уруша кетсек дайыма "кет, жогол, үйдөн чыгып кет" деп айтат. Талак түшүп калбайбы?

— Чындап ажырашуу ниетинде айтса түшөт. Анан бардык аялдарга айтарым: "чыгып кет" десе швабра колуңузда, үбөлүк колуңузда, "сен чыгып кет" деп эркектин өзүн кубалаш керек.

— Тигил дүйнөнүн бар экенин ким көрүп келиптир?

— А жок экенин ким көрүп келиптир?

— Ажылыкта каза болгон кары-картаңдардын жоопкерчилигин ким алат?

— Аларды карыганда ошол жакка жөнөтүп койгон уулдары алат.

— Көп аял алуу кыргыз элине жат көрүнүш. Кайсы кыргыз көп катын алыптыр?

— Манас, Семетей, Сейтек, дегеле эр менен баатырдын баары.

— Эмне үчүн эркек бир нече аял алса болот, аял бир нече күйөө менен жашаганы болбойт?

— Бир эркектин төрт кепичи болсо кандай жана бир кепичти төрт эркек кийсе кандай?

— Сиз эмне себептен экиден аял алууну колдойсуз?

— Мен жыргаганымдан экинчи аял алгандарды колдогонум жок. Кореяга турмушка чыгып кор болгон кыздарды, Кытайга турмушка чыгып кул болгон кыргыз кыздарын көрүп, кыргыздын патриот уулу катарында, мусулман үмөтү катарында экинчи аял алууну колдойм.

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү дин аалымы, Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов
Мончодон чыкса деле киши кирдейт. Чубак ажынын учкул сөздөрү - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү дин аалымы, Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов

— Көзү ачыктар жолун ачып, иши жүргөндөр арбын?

— Анда эмнеге көзү ачыктар өздөрү самсаалап базарларда отурушат?

— Кыздар менен телефондон сүйлөшө берсе болобу, бирок жолукпай эле…

— Телефондон сүйлөшөсүң, анан эртеси дагы сүйлөшөсүң, анан бүрсүгүнү кантип жолукканыңды билбей каласың.

— Ажыга барып деле күнөө жасап жатышпайбы?

— Мончодон чыкса деле адам кирдеп жатпайбы?

— Кечээ эле арак ичип жүрүштү эле, бүгүн намаз окуп калышыптыр?

— Ооба, а сиз дагы деле ичип жүрөсүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0