Кечээтен бери коронавирусту 102 киши жеңип, ооруканадан чыгарылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер ооруканада бейтаптын жанында. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада бейтаптын жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирус илештирип алып, дарыгерлердин жардамы менен сакайгандардын саны арбып барат. Бирок аны жаңыдан жуктуруп алгандардын да саны өсүүдө.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 102 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылганын Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг маалында билдирди.

  • Бишкек шаары – 40;
  • Чүй облусу – 12;
  • Ош шаары – 11;
  • Ош облусу – 11;
  • Баткен облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 9;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Талас облусу – 2.

Республика боюнча жалпы 3236 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0