Бир суткада коронавирус жуктурган 3 бейтап көз жумду

© AFP / RODGER BOSCHМедициналык кызматкерлер коронавирустан көз жумган киши менен. Архив
Медициналык кызматкерлер коронавирустан көз жумган киши менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер коронавирус менен пневмонияны бир эле оору дешүүдө, бирок статистика эки бөлөк берилүүдө.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бүгүн коронавирустан дагы үч адам каза тапты. Бул тууралуу брифинг учурунда Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун экөө Бишкек шаарынан, бирөө Баткенден.

Бир суткада пневмония дарты 32 адамдын өмүрүн алды

"Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасынан 65 жана 51 жаштагы эки эркек киши көз жумган. Мындан сырткары, Лейлек аймактык ооруканасынан 44 жаштагы бир эркек каза тапкан", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 125 адамдын өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0