Бир суткада пневмония дарты 32 адамдын өмүрүн алды

© AFP / ERNESTO BENAVIDESДарыгер бейтаптын өпкө рентгенин текшерип жатат. Архив
Дарыгер бейтаптын өпкө рентгенин текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта пневмонияга кабылгандар, абалы оорлошуп андан көз жумгандар көп болуп, эпидемиологиялык абал начарлоодо.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бүгүн пневмониядан дагы 32 адам каза тапты. Бул тууралуу брифинг учурунда Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

COVID жана пневмонияны дарылаган ооруканаларга бирден өкмөт мүчөсү бекиди. Тизме

Алардын ичинен 24 адам республиканын ар жеринен болсо, Бишкекте сегиз адам көз жумду.

Март айынан бери өпкөсү сезгенип каза болгондордун саны 382ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0