РФтеги элчиликте иштегендер кол салууга дуушар болушту. Шектүүлөр изделүүдө

© Sputnik / Алексейс СтефановсКыргызстандын Россиядагы элчилигин имараты. Архив
Кыргызстандын Россиядагы элчилигин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчиликте иштегендерге Кыргызстанга кайтуу үчүн тизмеге кирбей калган жарандар тарабынан кол салуу жана башка мыйзамсыз иш-аракеттер көп каттала баштаган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде иштеген кызматкерлерге кол салып, кордоду деген шектүүлөр изделүүдө. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, элчилик кызматкерлерине кыргыз жарандары мыйзамсыз иш-аракет жасап, кол салган, ден соолугуна коркунуч жараткан учурлар катталууда. Буга байланыштуу Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгы элчилик өкүлдөрүнө кол салууга үндөгөн адамдарды аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

"Азыркы убакта "Москва изилдөө борбору" бул иш боюнча психологиялык жана лингвистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Экспертиза аяктагандан кийин өлкөнүн ИИМине караштуу башкы башкармалык РФтин жазык жана административдик мыйзамдарына ылайык жарандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларын көрөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, элчиликте иштегендерге Кыргызстанга кайтуу үчүн тизмеге кирбей калган жарандар тарабынан кол салуу жана башка мыйзамсыз иш-аракеттер көп каттала баштаган. Мындан улам элчилик дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратын бекемдөөнү ниет кылууда.

Россияда ишсиз калган мекендештерге элчилик жумуш сунуштоодо

"Коомдук тартипти бузууга багытталган ар кандай иш-аракеттер, коркутуулар, кемсинтүүлөр жана өкүлчүлүктүн кызматкерлерине карата башка мыйзамсыз аракеттерге жол берилбейт", — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстандын элчилиги бардык кыргыз жарандарын сабырдуулукка чакырып, аларга Россиянын ар кайсы шаарларындагы консулдук, канцелярияларында жүрүм-турум эрежелерин так сактоону эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0