Эл аралык Манас аэропортунда учак. Архив

Пандемия маалында Кыргызстандан Россияга учуп кетүүнүн жол-жобосу айтылды

771
(жаңыланган 14:30 11.07.2020)
Рейстердин токтотулганына карабастан Россияга каалагандар чыгып кете алат. Бирок бул үчүн бир шарт бар.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги эки өлкөнүн жана башка мамлекеттин жарандары кандай жол менен РФге чыгып кете аларын тактады.

Россиялыктар үчүн

Башкы шарты — мамлекеттик кызмат порталындагы конкреттүү учуп кетүүчү рейске катталуу. Кенен-кесир маалыматты шилтеме аркылуу алууга болот.

Эгер аймагыңыз ал каттамдын тизмесине кирбей, бирок Россияда (тууган-урук, тааныштар, иш берүүчүлөр) 14 күндүк обсервацияга алына турган шартыңыз болсо, кабыл алуучу тарап сизди жашатууга макул экенин көрсөткөн тил кат жазып бериши керек. Анда эки тараптын жеке маалыматтары жана обсервациянын дареги так көрсөтүлүшү зарыл. Бул тил кат учар күнү кагаз түрүндө колуңузда болушу шарт. Санарип түрү жарабайт.

Июлдун аягына чейин Дубайдан Бишкекке үч жолу аба каттамы уюштурулат

Тил кат айтылган даректе жашагандардын баарын 14 күн обсервацияда болууга милдеттендирет.

Кыргызстандыктар үчүн

Россия өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы токтомуна ылайык, чет элдиктер Россия аймагына бир катар себептердин негизинде кире алат:

  • жакын тууганы Россиянын жараны болсо (ата-энеси, балдары, жубайлар);
  • туруктуу жашоого уруксаты болсо;
  • Россияга өз ыктыяры менен көчүүгө жардам берүү программасынын катышуучусу деген макамы болсо;
  • Россиядагы медициналык мекеменин дарылоо үчүн чакыруусу (диагностикалык текшерүүгө берилген багыттама жарабайт).

Россиянын алгачкы авиакаттамдары КМШ мамлекеттерине болору айтылды

Эгер сиз ушул категориянын бирине кирсеңиз, Кыргызстандын Консулдук кызмат департаментинин электрондук дарегине (dks@mfa.gov.kg.) Россияга кетчү каттамга киргизүү боюнча арыз менен кайрыла аласыз. Арызга РФке сапарыңыз негиздүү экенин тастыктаган документтер тиркелиши керек.

Башка мамлекеттин жарандары үчүн

Үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн деле тартип ушундай, болгону алар өз элчиликтеринин консулдук бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.

771
Белгилер:
документ, консулдук, элчилик, тил кат, арыз, Кыргызстан, Россия, каттам
Тема боюнча
РФтеги элчиликте иштегендер кол салууга дуушар болушту. Шектүүлөр изделүүдө
Белорусские правоохранительные органы задерживают мужчин во время митинга сторонников оппозиции после президентских выборов в Минске, Беларусь, 10 августа 2020 года.

Беларуста митинг токтобой, эл күч менен таркатылып жатат. Видео

71
(жаңыланган 00:13 11.08.2020)
9-август күнү Беларуста президенттик шайлоо болуп, ал аяктаары менен нааразычылык акциясы башталган. Күндүз басылып калган акция кечинде кайра уланды.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Беларуста президенттик шайлоодон кийинки акциялар дагы деле токтобой, күч түзүмдөрү элди таркатуу аракетинде. Соңку маалыматтар менен Sputnik Беларустун Telegram-каналы бөлүшүүдө.

Бүгүн Минскиден ОМОН жоокерлери тарабынан 30дан ашуун киши кармалганы айтылат. Кечээ түнү үч миңдей киши жоопко тартылган.

Ал арада ИИМ башчысы Юрий Караев элди тынчсыздандырууга күч менен каражат жете турганын билдирди. Учурда күч түзүмдөрү кулак тундуруучу гранаталарды колдонуп жатышат.

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

Эске салсак, 9-августта Беларуста мамлекет башчыны тандашты. Анда Александр Лукашенко 80,23 пайыз менен атаандаштарын жеңип алды. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон жүздөгөн адам Минск шаарынын борборун көздөй агылган. Митинг кечке жуук кайра күчөгөн.

 

71
Белгилер:
нааразычылык акциясы, президент, шайлоо, Беларусь
Тема боюнча
Жээнбеков Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт
Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сергей Лавров . Архивдик сүрөт

Айдарбеков менен Лавров туруктуу авиакаттамдарды жандантууну сүйлөшүштү

171
(жаңыланган 23:14 10.08.2020)
Министр Айдарбеков Россияга коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөтүп жаткан гуманитардык жардамына жана дарыгерлерин жөнөткөндүгүнө ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сергей Лавров эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу авиакаттамды жандандыруу тууралуу пикир алмашышты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун башчылары COVID-19 пандемиясынын кесепетин жеңүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

"Ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары жана келечеги жөнүндө, анын ичинде жакын арада Кыргызстан менен Россиянын ортосунда туруктуу авиакаттамды жандантуу тууралуу пикир алмашышты", — деп айтылат маалыматта.

Министр Айдарбеков Россияга коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөтүп жаткан гуманитардык жардамына жана дарыгерлерин жөнөткөндүгүнө ыраазычылык билдирген.

Кыргызстандан Россияга кетчү каттамдар. Күнү жана шарты

Ошондой эле ТИМ башчылары эки мамлекеттин эриш-аркак жылынын алкагында пландалган бардык иш-чараларды ишке ашырууга жана кыргыз-орус кызматташтыгынын бардык комплексин мындан ары активдештирүүгө үмүт артарын билдиришкен.

Андан сырткары, регионалдык жана эл аралык саясат маселелери боюнча да кеп козголгону белгиленди.

171
Белгилер:
кызматташтык, коронавирус, каттам, сүйлөшүүлөр, Сергей Лавров, Чыңгыз Айдарбеков, ТИМ
Тема боюнча
Эми Кыргызстанга учак менен келип-кеткендер кандай эрежеге баш иет? Алгоритм
 Минскидеги массалык митинг. Архивдик сүрөт

Колунда жарылып кеткен. Минскидеги массалык митингде адам өлүмү катталды

0
Элдин толкундоолору өлкөнүн дээрлик бардык аймагында өтүп жатат. Акциялар президенттик шайлоодон кийин жекшемби күнү башталган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Нааразылык акциялар өтүп жаткан Беларустун борбор калаасында адам өлүмү катталды. Бул тууралуу ИИМдин расмий өкүлү Ольга Чемодановага таянуу менен Sputnik Беларусь агенттигинин Telegram-каналы кабарлады.

Чемоданованын айтымында, көз жумган адам эркек киши.

"10-август күнү саат 23.00дөрдө Минск шаарынын Притыций проспектисинде топтолгон эл кыймылды бууш үчүн тосмолорду кое баштаган. Аянтты тазалоо үчүн келген атайын бөлүктүн жоокерлери менен кагылышуу учурунда бир киши аларды көздөй жардыруучу түзүлүштү ыргытууга аракет кылган. Бирок ал колдо жарылып, эркек киши алган жаракатынан улам көз жумду", — деди ИИМ өкүлү.

Эскерте кетсек, нааразылык акциялары 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган. Ушу тапта элдин толкундоолору өлкөнүн дээрлик бардык аймагына жайылды. Милиция митингчилерди таратуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ менен кулак тундуруучу гранаталарды колдонууда.

38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

Акыркы маалыматтар боюнча тартип сакчылары менен кагылышуудан жапа чеккендер жана кармалгандар көбөйүүдө.

Эл көчөгө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан. Анда азыркы президент Александр Лукашенко бир топ айырма менен атаандаштарынан озуп, дагы беш жылга өлкө башчысы болуп калмакчы.

0
Белгилер:
аянт, милиция, өлүм, митинг, Минск, Беларусь
Тема боюнча
Беларуста митинг токтобой, эл күч менен таркатылып жатат. Видео