Жекшембиге карата аба ырайы

© Фото / Михаил ДудинТоктогул суу сактагычынын көрүнүшү. Архив
Токтогул суу сактагычынын көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-июлда түнкүсүн республиканын тоолуу жерлеринде жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар түшүшү ыктымал.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. 12-июль, жекшемби күнү, өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, республиканын бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

COVID тоскоол болбойт. Баткенде былтыркыдан көп жерден түшүм жыйналат

Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас жергесинде +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл өрөөнүндө +19...+24 жана Нарын аймагында +20…+25 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +31...+33, Ош шаарында +32...+34 жана Чолпон-Атада +19...+21 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0