"Ош" базары карантинге жабылабы? Мэриянын жообу

Жазылуу
Мэрияга базардын жетекчилиги тарабынан дем алыш күндөрү коомдук транспорт жүрбөгөндүктөн, санитардык күндү жекшембиде өткөрүү боюнча кайрылуу келген.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. "Ош" базарынын жетекчилиги тарабынан мэрияга карантинге жабылуу тууралуу билдирүү келген эмес. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин соцтармакта "Ош" базары карантинге жабылат деген билдирүүлөр тараган.

Чүйдө транспорттун иш тартиби өзгөрүп, бир катар чектөөлөр кирди. Тизме

"Санитардык күн адатта базарда дүйшөмбү күнү болчу. Бирок дем алыш күндөрү коомдук транспорт жүрбөгөндүктөн, санитардык күндү жекшембиге жылдыруу боюнча кайрылуу келген. Мэрия уруксат берген", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бишкек мэриясы жума сайын базарларды дезинфекциялоо графигин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0