10 000ден ашты! Дагы 719 адам коронавирус жуктуруп алды

© REUTERS / Pascal Rossignol / File PhotoСитуация в Франции на фоне пандемии коронавируса
Ситуация в Франции на фоне пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы убакта өлкөдө эпидемиологиялык абал кескин начарлап кетти. Илдетке чалдыккандар да, андан каза болгондор да көбөйдү.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 719 адамдан коронавирус аныкталганын Республикалык штаб билдирди.

  • Бишкек шаары – 500;
  • Чүй облусу - 96;
  • Ош шаары - 37;
  • Ош облусу - 20;
  • Жалал-Абад облусу - 10;
  • Баткен облусу - 34;
  • Ысык-Көл облусу - 15;
  • Нарын облусу - 1;
  • Талас облусу - 6.

Республика боюнча илдет илештирип алгандардын жалпы саны 10 629га жетти. Анын 3 387си айыгып чыккан. Азыр стационарда 670 киши дарыланып жатса, анын 24ү реанимацияда. Үй карантининде 6 440 адам бар. Коронавирус жуктуруп алып 132 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0