Германиядагы мугалим Бүбүйна: Кыргызстандын алыскы мектебинде иштегим келип кетет

© Фото / предоставлено Бубуйной ЧолпонкуловойУчительница в школе в Дортмунде кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова
Учительница в школе в Дортмунде кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык Бүбүйна Чолпонкулова учурда Германиянын Дортмунд шаарындагы Georgschule атайын ылайыкташтырылган мектебинде мугалим болуп иштеп, ал жакта 15 жылдан бери жашап келет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы чет жактагы мекендешибиз менен мектептеги билим берүү жөнүндө маек курду.

— Кыргызстандык мугалимди германиялык кесиптештери кандай кабыл алды?

— Германияда он жылдан бери мугалим болуп эмгектенем, иштеген жеримде мен жалгыз чет элдикмин. Ага чейин Кыргызстанда немис тили боюнча жогорку билим алып, беш жылдай Бишкек архитектура жана курулуш колледжинде эмгектенгем. Өзүбүздүн билим берүү системасына ичим чыкчу эмес. Ошол маалда Вальдорф педагогикасы жөнүндө угуп калып, Бонн шаарындагы атайын мектепке бир жылдык программага барууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Бул жакка келгенде кесибиме байланыштуу боштуктар толду. Үч ай жергиликтүү мектепте мамлекеттик практикадан өтүп, 3-класстагы окуучуларды сахнага кыргызча ырдатып чыккам. Ошол иш-чарага менин бир окуучу кызымдын мектеп директору болуп иштеген жакыны келип, мени байкап калып жумушка чакырган. Германияда мыйзам боюнча жумушка биринчиден өзүнүн жарандарын алат. Эгер татыктуу талапкер табылбаса, башка Европа өлкөлөрүнөн алат. Такыр болбой калганда гана үчүнчү мамлекеттен келгендерди ишке тартат. Ага карабай мени жумушка кубануу менен чакырып, элчиликке кайрылып виза алуума жардам беришкен.

Азыр иштеген жерим атайын ылайыкташтырылган мектеп болуп саналат. Германияда андай билим берүү мекемелеринде тентек, бейбаш балдар же үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгондор, Даун синдрому, аутизмдин абдан оор формасы менен жабыркагандар окушат. Жалпылап айтканда, бул жакта балдарды окутуу методикасы билим берүү системасына ылайыкталбастан, эркин ойлонуп, аларды ар тараптан өнүктүрүүгө ылайыкташтырылган. Чет жакта агартуучулукту аркалап жүрүп дем алыш күндөрү Вихтен шаарындагы педагогикалык институттун "Класс жетекчи" бөлүмүнө тапшыргам. Кийин дагы үч жыл атайын педагогиканы окуп, жалпы жети жылдай билим алдым. Себеби ден соолугунан жабыркаган түрдүү балдар менен иштешүүгө туура келет. 

© Фото / предоставлено Бубуйной ЧолпонкуловойМаектешибиз Бүбүйна Чолпонкулова Германияда атайын ылайыкташтырылган мектепте иштейт. Айтымында, андай билим берүү мекемелеринде бейбаш балдар же үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгондор, Даун синдрому, аутизмдин абдан оор формасы менен жабыркагандар окушат.
Германиядагы мугалим Бүбүйна: Кыргызстандын алыскы мектебинде иштегим келип кетет - Sputnik Кыргызстан
Маектешибиз Бүбүйна Чолпонкулова Германияда атайын ылайыкташтырылган мектепте иштейт. Айтымында, андай билим берүү мекемелеринде бейбаш балдар же үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгондор, Даун синдрому, аутизмдин абдан оор формасы менен жабыркагандар окушат.

— Окуучуларга канча предметтен сабак бересиз?

— Немис тили, математика, зоология, биология, география, физика, химиядан сабак берем. Андан сырткары, класс жетекчи болуп орус тили, кол эмгекти окутам. Булардын ичинен мен кол эмгекти жакшы көрөм. Кыргызстанда бул сабакты толук ачып берүүгө мүмкүнчүлүктөр көп экенине карабай, анын баркы жок. Мен Германияда 1-класстагы балдарды алгачкы сабагын өтүү үчүн аларды зоопаркка алып барып, үй жаныбарлары бөлүмүн кыдырабыз. Ошол жактан койлорду көрүп, аларды кармап өздөрүнүн эмоциясын айтышат. Анан ал жактан кыркылган койдун жүнүн кир боюнча эле сатып алып мектепке алып келебиз. Аны чогуу мектептин короосуна алып чыгып айна, ысык суу менен жууп, кайра чайкайбыз. Андан соң кийинки сабакта кичинекей балдар тыпыйып отуруп алып аны тытышат. Дагы бир күнү парктан куурап калган жыгачтарды чогултуп, анын кабыгын сыйрып ийик даярдап, жип ийрип, кичинекей килем токуп, оюнчук, кыздар мончокторду жасайт. Мунун баары баланын моторикасын өнүктүрүүгө жардам берип, акыл-эсинин калыптануусуна чоң түрткү болот. Ошонун баарын көрүп кыргызстандык мугалимдер муну эмне жасабайт деген ой пайда болот. 

© Фото / предоставлено Бубуйной ЧолпонкуловойПедагог: балдар жасалмалуулукту, калп айтканды дароо сезет. Мен күндө жумушта саат 07:30да болуп калам. Балдар келгенге чейин жарым саат ойду жумушка багыттап, жеке көйгөйлөрүмдөн арылып даярданып турам.
Германиядагы мугалим Бүбүйна: Кыргызстандын алыскы мектебинде иштегим келип кетет - Sputnik Кыргызстан
Педагог: балдар жасалмалуулукту, калп айтканды дароо сезет. Мен күндө жумушта саат 07:30да болуп калам. Балдар келгенге чейин жарым саат ойду жумушка багыттап, жеке көйгөйлөрүмдөн арылып даярданып турам.

— Германияда мугалимдерге кандай шарт түзүлгөн?

— Илимпоздор менен мугалимдердин талкууларына көп катышабыз. Кээде театрдан чакырылган актерлор менен иштешебиз. Чыгармачыл инсандар досканын жанында туруп бөлмөнүн аягында отурган балага кыйкырбай, бирок ага жеткиликтүү кылып сүйлөөнү үйрөтөт. Жомок, тамсил, тарыхый окуяларды айтуунун сырларын ачып берет. Түрдүү жыйын, илимий иш-чараларга катышуу үчүн жол кире, тамак-аш, жатакананын акчасын мектеп төлөп берет. Кыскасы, кесиптик жактан бир жерде тура бербей дайым кыймылдабыз.

Эмгеги медицина, авиация, машина курууда колдонулат. Окумуштуу Рыспаевдин маеги

— Дарыгерлер Гипократтын анттын берип, өз милдеттерин аткарат. Мугалимдер андай ант бербесе да, аларга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Ушул пикирге кошуласызбы?

— Ооба. Жолдошум тамаша-чынды аралаштырып Германияда мугалим болуу мектепте эле жашоо турбайбы деп калат. Мисалы, мен эртең өзүмдүн классыма сабак өтө турган болсом, бүгүн түштөн кийин же кечинде барып доскага өтө турчу темага жараша сүрөт тартып кетем. Эртеси класска кирген окуучулар ал сүрөттү көрүп фантазиясы иштеп, сабакка болгон кызыгуусу артат. Бул ыкма балдар менен биргеликте теманы толук ачууга жардам берет. Негизи жумушубуз абдан жоопкерчиликтүү, окуучулардын калыптануусу, ой жүгүртүүсү биздин колубузда. Ар бир кыймылым, айткан сөзүм балдардын коомго аралашуусуна сөзсүз таасир берип, келечеги курулат. 

© Фото / предоставлено Бубуйной ЧолпонкуловойМугалим: атайын педагогиканы окуганда медицина, физиологияны дагы өздөштүрөбүз. Баланын мээсинде айрым жөндөмдөр канча жашта өнүгө тургандыгы жөнүндө маалымат болушу керек.
Германиядагы мугалим Бүбүйна: Кыргызстандын алыскы мектебинде иштегим келип кетет - Sputnik Кыргызстан
Мугалим: атайын педагогиканы окуганда медицина, физиологияны дагы өздөштүрөбүз. Баланын мээсинде айрым жөндөмдөр канча жашта өнүгө тургандыгы жөнүндө маалымат болушу керек.

— Окуучуларга баа койбойт экенсиздер, жетишкендиктерин кантип баалайсыздар?

— Ооба, мындай мамиле автоматтык түрдө мугалимдин бийлигин алып таштайт. Айрым учурда мугалим окуучунун ата-энеси менен тил табыша албай калганда, ал баа коюуну рычаг катары колдонушу мүмкүн. Мындан сырткары, окуучуларда коркуу сезими жаралып, ички жан дүйнөсүндө өксүктөр жаралат. Биздин мектепте баанын айынан окуучулар бири-биринен корунбайт, өзүн ээн-эркин алып жүрөт. Мен мугалим катары кайсы окуучум немис тилин жакшы билет, кайсы баланын ой жүгүртүүсү жакшы экенин билем. Ошол боюнча балдардын жооп берүүсүнө мүмкүнчүлүк берем. Менин сөзүмдү кабыл албаган айрым окуучулар өзү курактуулардын айтып бергендерин бат илип алышат. Класс жетекчи катары окуусунан артта калган балдарды билбейсиң деп урушпайм. Алар мектепке баа үчүн эмес, билим алуу үчүн келет. Тескерисинче, 1-2-класстагы окуучуларым мага бүгүн эмнени өтөбүз, эмнени үйрөнөбүз деп келишет.

Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги

Мектебибизде окуучуларды баалоо мугалимдер үчүн өтө оор, жөн эле баа коюп кое албайсың. Мен кичинекейлердин ар биринин жүрүм-турумуна, жетишкендигине анализ жүргүзүп, окуу жылынын соңунда ар бирине мүнөздөмө берем. Жадагалса, кайсы теманы өздөштүрүп, эмнени жакшы түшүнө албагандыгына чейин жазам. Соңунда кийинки жылы эмнеге басым жасоо керектиги жөнүндө сунуш берип, окуучуга ыр түрүндө мүнөздөмө беребиз. Эгер бала өзүмчүл болсо, ага түлкү жөнүндө ыр жаттатам. Дегеним муну менен биз анын кемчилигин ачык айтпай, кыйыр түрдө аң-сезимине таасир берип кулк-мүнөзүнүн оңолушуна түрткү беребиз. Бул ыкма кадимкидей жардам берет, кээде айрымдар бул ырды эмнеге жаттап жатканын кадимкидей сезишет. 

— Байкасам сиздер балдар менен психологдордой эле иштешет экенсиздер?

— Атайын педагогиканы окуганда медицина, физиологияны дагы өздөштүрөбүз. Баланын мээсинде айрым жөндөмдөр канча жашта өнүгө тургандыгы жөнүндө маалымат болушу керек. Эгерде 1-класстагы окуучу партаны көмкөрүп туруп сабактан чыгып кетсе, ага эмне түрткү болгондугун мен билишим абзел. Мүмкүн ал баланын физиологиялык жактан өзгөчөлүктөрү бардыр же үйүндө маселе жаралып жаткандыр. Мунун баарын билүү менин мойнумда. Албетте, мен врач эмесмин, бирок анын ата-энесине кайсы дарыгерге же адиске баруу керек экендигин айтып, жакындары менен чогуу иштешем.

© Фото / Бубуйна ЧолпонкуловаБүбүйна Чолпонкулова: бул жакта балдарды окутуу методикасы билим берүү системасына ылайыкталбастан, эркин ойлонуп, аларды ар тараптан өнүктүрүүгө ылайыкташтырылган.
Германиядагы мугалим Бүбүйна: Кыргызстандын алыскы мектебинде иштегим келип кетет - Sputnik Кыргызстан
Бүбүйна Чолпонкулова: бул жакта балдарды окутуу методикасы билим берүү системасына ылайыкталбастан, эркин ойлонуп, аларды ар тараптан өнүктүрүүгө ылайыкташтырылган.

— Мугалим катары окуучуларыңызга эмнелерди билдирбегенге аракет кыласыз?

— Балдар жасалмалуулукту, калп айтканды дароо сезет. Мен күндө жумушта саат 07:30да болуп калам. Балдар келгенге чейин жарым саат ойду жумушка багыттап, жеке көйгөйлөрүмдөн арылып даярданып турам. Эгер маанайым жок болсо, балдарга түшүндүрүп айтып, менде ушундай көйгөй болуп жатат, силер бул тууралуу кандай ойлойсуңар деп баарлашам. Бул жакта балдар боюнда бар аялды көп кезиктире беришпейт. Мен иштеген тогуз жылда кош бойлуу болгон экинчи эле мугалим болдум. Эгер мага баскан, кыймылдаган оор болуп жатса, окуучуларыма айтам. Чарчаган жоксуңбу, массаж жасап берейинби деп да келип калышат.

— Окуучуларыңыз өзгөчө балдар экен, алар менен кантип жакындашасыз?

— Классымда талма менен ооруган окуучу болсо, анын ата-энеси врач менен сүйлөшүп, тиешелүү кагаздарын, дарысын мага алып келип берет. Эгер анысы жок болсо, мен ал балага бир дагы дары бере албайм. Психикалык жактан кыйналган балдарды да алып келишет. Бир жолу 3-класска бир кыз келди. Аны баккан энеси баңгизат колдонуп, энелик укуктан ажыратылган болчу. Айланасындагы адамдардан күмөн санап, коркуп, такыр жалтактап бүтүп калган экен. Кыз менен психологдор иштешти, мен ага жакшы мамиле жасап кыздар-балдар менен аралаштырууга аракет жасадым. Андай балдар мээримге, сүйүүгө өтө муктаж келет. Кээде ал мени кучактагысы келчү, мен ага уруксат берип, ыйын, сөзүн да көңүл буруп укчумун. Бир жылдын ичинде ал секелек ушунчалык жакшы окуган, күлүп-жайнаган, айлана-чөйрөсүндөгү адамдарга ишеничи арткан кыз болуп чыкты. Чынында зээндүү, дээринде бар кыз болчу, мен аны майда-барат нерселерге жумшап, коомдо орду бар экенин сездирчүмүн. Эч бир дары-дармек, түрдүү терапияларды албай ушундай жыйынтыкка келгенбиз. 

© Фото / предоставлено Бубуйной ЧолпонкуловойЧолпонкулова: жолдошум тамаша-чынды аралаштырып Германияда мугалим болуу мектепте эле жашоо турбайбы деп калат.
Германиядагы мугалим Бүбүйна: Кыргызстандын алыскы мектебинде иштегим келип кетет - Sputnik Кыргызстан
Чолпонкулова: жолдошум тамаша-чынды аралаштырып Германияда мугалим болуу мектепте эле жашоо турбайбы деп калат.

— Чет жакта ата-энелер мектептеги окуу процесске канчалык деңгээлде активтүү катышат?

— Окуучулардын билим алуусуна ата-эненин катышуусу чоң роль ойнойт. Анткени мектеп муктаждыгынын 72 пайызын мамлекет каржыласа, калганы ата-энелердин мойнунда. Биз дагы алар педагогиканын максатын түшүнсө деп аракет кылабыз. Анткени жаңы технологиялар өнүгүп, баарлашуу жаңы деңгээлге өткөндүктөн, ата-энелердин да ички кооптонуусу бар. Балдардын жакындары кайсы сабак өтүлүп жатканы, эмне себептен ошол темалар зарыл болуп жатканын билип туруш керек. Ошондуктан бир айда бир жолу чогулуш болуп турат. Ата-энелер мектепте уюштурган иш-чаларга да активдүү катышат. Кээде окуучулар менен тоого чыгып калсак, бир-эки күн ата-энелер коштоп барат.

Америкалыктарга сабак берген Улан: глобалдык IT-компанияга айлансак дейбиз

— Чет жакта очор-бачар болуп, тажрыйба топтогон экенсиз. Кыргызстанга келип алган билимиңизди, тажрыйбаңызды колдонуу планыңызда барбы?

— Ал нерсе чет жакта жүргөн ар бир атуулдун жүрөгүндө болсо керек. Мен Германиядагы окуучуларымдын ийгилигин, өзүмдүн эмгегимдин жыйынтыгын көргөндө Кыргызстанга барып, алыскы бир айылда мугалим болуп иштегим келип кетет. Ошол эле маалда менин демилгем, тилегим канчалык деңгээлде жыйынтык берет деп ойлонуп калам. Себеби жашоодо калыптанган система өз таасирин бербей койбойт. Бирок ага карабай ичимде Вальдорф педагогикасы менен улуттук педагогиканы айкалыштырган мектепти мекенимде ачууну ичимде багып жүрөм. Себеби коомдун келечеги азыркы биз тарбиялап жаткан балдарга байланыштуу. Ал эми мектеп – коомду тарбиялоочу эң чоң платформа. Кыргызстанда буга анча көңүл бурулбай жатканы мени өкүндүрөт. Өзүмдүн да эки балам кыргыз чөйрөдө каада-салтты көрүп тарбияланса дейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0