Ош шаарында ачылган стационарлардын графиги жана дареги

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОткрытие дневных стационаров в Оше
Открытие дневных стационаров в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия бейтаптарды биринчи кезекте стационарларга алып баруу керектигин, ал жактан абалына карап ооруканага которорун эскертти.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы азыркы тапта үч жерде стационар иштеп жатканын билдирди.

Мэрия эгерде оорунун белгилери байкалса же ооруп жатсаңыз, биринчи кезекте стационарларга кайрылуу керектигин эскертти. Шаардыктарга түз ооруканаларга же изоляция катары иштеп жаткан мейманканаларга барбоону сунушталды. Себеби медиктер бейтаптын абалына карап анан ооруканага которот.

Аймактарда Бишкектегидей көрүнүш кайталанбасын! Бороновдун тапшырмалары

Стационарлардын графиги:

  • Төрөбай Кулатов кичи районундагы "Газпром" спорт комлексиндеги стационар саат 8.00дөн 20.00гө чейин иштейт;
  • Манас-Ата кичи районундагы "Каныкей" ресторанына уюштурулган стационар күнү-түнү кабыл алат;
  • Алишер Навои мектебинде ачылган стационар саат 8.00дөн 20.00гө чейин иштейт;
  • Изоляция катары иштеп жаткан "Классик", "Санрайс" мейманканалары, "Андрос" жеке менчик клиникасында орун жок.
  • Мэриянын билдиришинче, учурда Ош шаарында 150 кычкылтек концентратору жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу 40 аппарат бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0