Өкмөт: дары-дармек сыртка убактылуу чыкпайт деген токтом бар. Тизме

© REUTERS / Ivan AlvaradoСитуация в Чили из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Чили из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттөн үстүбүздөгү жылдын 3-февралында дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды чыгарууга убактылуу тыюу салган токтом кабыл алгандыгын айтышты.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандан чет өлкөгө дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттар сатылып жатат деп социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аткаруу органы үстүбүздөгү жылдын башында эле өлкө аймагынан чет мамлекеттерге медициналык каражаттарды чыгарууга тыюу салган.

Өкмөттүн 2020-жылдын 3-февралында кабыл алынган токтому дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын сыртка чыгып кетишине жол бербейт.

Ал дарылардын тизмеси:

  • ацетилсалицил кислотасы;
  • парацетамол;
  • ибупрофен;
  • азитромицин;
  • амоксициллин-клавулан кислотасы;
  • моксифлоксацин;
  • имипенем;
  • клиндамицин;
  • рокситромицин;
  • цефазолин;
  • цефепим;
  • цефотаксим;
  • цефтриаксон;
  • цефтриаксон+сульбактам;
  • цефтриаксон+тазобактам;
  • цефуроксим;
  • евофлоксацин;
  • дофамин;
  • фуросемид;
  • норэпинефрин;
  • эпинефрин;
  • натрий хлориди;
  • фамотидин.

Дары-дармек кампасынын алдындагы түнкү кезек. Бишкекте тартылган видео

"Ошондой эле иньекция түрүндөгү омепразол, рингер эритмеси, шприцтер, медициналык маскалар, суюктуктарды куюу үчүн жабдууларды да сыртка чыгарууга бөгөт коюлган", - деп билдиришти өкмөттөн.

Өлкөдөн механикалык деталдары жана алмаштыруучу фильтрлерсиз респиратордук маскаларды, коргоочу медициналык көз айнектерди чыгарууга тыюу салынган.

Андан сырткары, хирургиялык операцияларды жүргүзүүдө медицина кызматкерлери жана бейтаптар колдонуучу бир жолку халаттарды, коргоочу костюмдарды же медициналык халаттарды, медициналык максатта вирустук оорулардан коргоочу биологиялык коргоочу костюмдарды, дем алуу жабдууларын жана газ маскаларын чыгарууга болбойт деген кескин тыюу салуу бар.

"Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстандан Кытайга коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүнү колдоого алуу үчүн бир жолу гуманитардык жүк жөнөтүлгөн. Жүк кытай тараптын суроосуна жараша түзүлгөн (антисептикалык жана дезинфекциялык каражаттар, жеке коргонуучу медициналык каражаттар).

Клексан 14 миң сомго чыккан! Бишкекте алып сатарлар кармалды. Сүрөт

"Өлкөдө бүгүнкү күндө орун алып жаткан эпидемиологиялык абалда чет өлкөгө дары-дармек сатуу тууралуу чындыкка жатпаган маалыматты жайылтуу жоопкерчиликсиз деп эсептейбиз. Мындай маалыматты шайлоо алдындагы кампания менен алектенип жаткан белгилүү саясатчылар таркатып жаткандыгы өкүнүчтүү", - деп айтылган өкмөт тараткан маалыматта.

Учурдагы коронавирус катпаган маалда ооругандар көбөйүп, элдин дары-дармектерди сатып алуусу жогорулады. Анткен менен бир катар фармацевтикалык компанияларга эл дарылардын кымбаттап кеткендигинен улам нааразы болгон учурлар бар. Ал эми өкмөт мындай кадамдарды токтотуу аракетинде.

Жаңылыктар түрмөгү
0