Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчисинин техникалык маселелер боюнча орун басары Михаил Рогожин

Sputnik Кыргызстандын техникалык директору Михаил Рогожин дүйнө салды

629
(жаңыланган 09:52 13.07.2020)
Михаил Степанович Sputnik Кыргызстан агенттигинин түптөлүшүнө жана андан ары арышын кенен ташташына салым кошкон адамдардын бири.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчисинин техникалык маселелер боюнча орун басары Михаил Рогожин дүйнө салды.

Кесиптешибизге эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлуп, ооруканада дарыланып жаткан. Тилекке каршы, 13-июлга караган түнү андан айрылып калдык. Михаил Степанович 51 жаш курагында акка моюн сунду.

Аны Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңыдан түптөлгөндөн бери иштеп келе жаткан кесипкөй чыныгы адис катары билчүбүз.

Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева дүйнө салды

Михаил Рогожин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенди. 1990-жылдын орто ченинде Бишкектеги телерадиокомпаниялардын биринде шеф-редактор болгон. Кыргыз-орус Славян университетинин эл аралык журналистика кафедрасында студенттерге сабак берген.
Ошондой эле ыр жана прозаларды жазып жүрчү.

Михаил Степанович кесиптештеринин эсинде ак жүрөк, чечкиндүү жана адилеттүү жетекчи, кандай маселе болбосун акылга салып чечүү жолун билген адам катары калат.

Ысымы тарыхта калат! Болот Шерге бийликтегилер тарабынан жазылган некролог

Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосунун жамааты Михаил Рогожиндин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Аза кайгысын тең бөлүшөт. Биз үчүн оор жоготуу болду.

629
Белгилер:
коштошуу, пневмония, өлүм
Тема:
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония (48)
Тема боюнча
Белгилүү дин аалымы Чубак ажы дүйнөдөн өттү
Буурчак. Архив

Окумуштуулар кайсы өсүмдүк жүрөк ооруларына, кант диабетине жардам берерин айтты

21
(жаңыланган 08:32 09.08.2020)
Буурчак дандары (буурчак, кой буурчак, жасмык) жүрөк-кан тамыр системасына жакшы таасир этип, анын эсебинен адамдагы кант, холестерин азаят.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Буурчак өсүмдүктөрү кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүп, жүрөк ооруларын алдын алат. Бул тууралуу “Известия” жазып чыкты.

Канададагы Гуэлфск университетинин дарыгерлеринин айтымында, буурчак азыктар жүрөк-кан тамыр системасына жакшы таасир этип, анын эсебенин организмдеги кант жана холестерин азаят.

Ал эми Food.news интернет порталы жогорудагы өсүмдүктөр кан тамырларды жабыркатпай турганын жазат. Бирок ошол эле маалда аны бардык илдеттерге шыпаа болот деп санабоо керектигин эскертет.

Чач түшпөсүн, тырмак сынбасын десеңиз... С витамини көп 8 азыктын тизмеси

Анын курамында түрдүү клетчатка жана белок арбын. Адистер андан тамак-аш даярдоо алдында буурчактарды сегиз саатка чейин сууга чылап койсо, көбүүрөк пайда болорун баса белгилешет.

21
Белгилер:
төө буурчак, Окумуштуулар, ден соолук
Тема боюнча
Сексолог төшөк мамилесин арттырууга жардамчы болгон азыктарды санап берди
Көмөч казан эскирип калганын кантип билсе болот? Шеф-повардан кеңештер
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

120
(жаңыланган 21:03 08.08.2020)
8-августтан 10-августка чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. 9-август күнү, жекшембиде, республика боюнча жаан-чачын болуп, айрым аймактарда нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас өрөөнүндө +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +20...+25, Нарын жергесинде +21...+26 градус ысык болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +30...+32, Ош шаарында +32 ...+34 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Атада +21...+23 градусту көрсөтүп турат.

120
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы