Пневмония дарты өткөн суткада 29 адамдын өмүрүн алды

© REUTERS / Giorgos MoutafisОоруканада жаткан бейтап. Архив
Ооруканада жаткан бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акматованын айтымында, каза болгондордун ичинен 13 адам республиканын ар жеринде, ал эми 16сы Бишкекте. Жалпы саны 452 болду.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө пневмониядан 29 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун ичинен 13 адам республика боюнча, ал эми 16сы Бишкекте.

Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны 452 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0