Коронавирусту кандай адамдар жеңил же симптому жок көтөрөт? Жаңы пикир

© AP Photo / Anupam NathМедициналык кызматкер. Архив
Медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, сезондук суук тийүүгө кабылгандардын денесинде антитело менен иммундук Т-клеткалар сакталуу болот дагы, вируска каршы тура алышат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Адам кандай шартта коронавирус инфекциясынан сактанса болорун же аны жеңил көтөрө аларын "Известия" басылмасына иммунолог, контракттык изилдөө компаниясынын башкы директору Николай Крючков айтып берди.

Анын билдиришинче, биринчи кезекте иммундук системасы күчтүүлөр ооруга чалдыкпайт. Вирус организмге аз өлчөмдө киргенде иммунитет аны менен өзү эле күрөшүп, адам ооруганын деле сезбей калат. Бирок мындай учурда симптомдор болбойт жана COVID-19га иммунитет иштелип чыкпайт.

Коронавирустан сакайгандар өзүн кантип карашы керек? Министрликтин жообу

Мындан тышкары, сезондук суук тийүүгө кабылгандар коронавирустан оолак болушат. Себеби алардын денесинде антитело менен иммундук Т-клеткалар сакталуу болот дагы, вируска каршы тура алышат.

Коронавирусту жеңил же симптому жок көтөргөндөр дени сак, тромбоздон (кандын тамырда уюшу) алыс адамдар экендиги белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0