Министрлик WhatsApp менен тараган 70 000 сомдук жөлөк пул тууралуу түшүндүрдү

© REUTERS / DADO RUVICЛоготип мессенджера WhatsApp
Логотип мессенджера WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарап жаткан билдирүүдө 1991-жылдан тарта иштегендерге атайын каражат төлөнөрү айтылып, критерийлер белгиленген.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Ушу тапта WhatsApp тиркемеси аркылуу 1991-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта иштегендерге 70 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, мессенджер аркылуу жайылып жаткан маалыматта аталган жылдары эмгектенгендер жөлөк пул ала алышары тууралуу жазылган. Анда акча алуунун критерийлери кошо белгиленген.

Депутаттар "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамын кабыл алды

Билдирүүнүн туура эмес экенин белгилеген министрлик элди фейк-маалыматтарга ишенбөөгө жана таратпоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0