Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековТалас шаарында "Манас ордо". Архив
Талас шаарында Манас ордо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болот.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. 14-июль, шейшемби күнү, өлкөнүн тоолуу райондорунда жана Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, республиканын бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Кайра жаан жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Талас аймагында +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +22...+27 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +33...+35, Ош шаарында +34...+36 жана Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0