Кыргызстанга ДССУнун эксперттери келет. Сапардын максаты

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүГорода мира. Женева
Города мира. Женева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн вице-премьер Аида Исмаилова ДССУнун өкүлү Тасним Ататра менен алдыдагы кызматташтыктар боюнча сүйлөшкөн.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Жакынкы күндөрү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, алар өлкөдөгү учурдагы абалды баалоо жана коомдук саламаттыкты сактоо тутумун санариптештирүү боюнча "Жол картасын" иштеп чыгуу максатында келишет.

Кырдаал оор экен. Россиялык эксперттер ооруканаларга барып, КРдеги абалга баа берди

Бүгүн вице-премьер Аида Исмаилова жана ДССУнун өкүлү Тасним Ататра өзгөчө кырдаал шартында коомдук саламаттыкты сактоону башкарууну колдоо максатында маалыматтык агымды жана ресурстарды координациялоо маселесин талкуулашкан.

Жолугушуунун натыйжасында уюмдун өкүлдөрү коомдук саламаттыкты сактоо тутумунун бирдиктүү базасын түзүүгө, программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана адистерди окутууга техникалык жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдиришкени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0