Уюн сатып согуш катышуучуларына эстелик тургузган Боромбаев каза болду

© фонд имени Мухтара ОмуракуноваТаалайбек Боромбаев с сестрой Бактыгулом Боромбаевой. Архивное фото Сельчанин, построивший памятник, продав корову, стал гражданином года
Таалайбек Боромбаев с сестрой Бактыгулом Боромбаевой. Архивное фото Сельчанин, построивший памятник, продав корову, стал гражданином года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таалайбек Боромбаев I топтогу майып, Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Корумду айылынын тургуну.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Уюн сатып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине эстелик тургузган Корумду айылынын тургуну Таалайбек Боромбаев көз жумду. Кабарды Sputnik Кыргызстанга анын жакындары тастыктады.

Боромбаев узакка созулган оорудан улам каза болгону айтылат.

Көрүүсү начар, I топтогу майып, Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Корумду айылынын тургуну 2015-жылы эстелик тургузуу үчүн уюн саткан. Ал ошондой эле мемориалды курган жумушчуларга тамак даярдаш үчүн дагы бир уй жана бир канча кой сойгон.

Концерт коюп барып, калып калган... Улуу Жеңишти жакындаткан кыргызстандыктар

Үч мармар таштан турган эстеликте жоокердин элеси чагылдырылып, Корумду айылынан Улуу Ата Мекендик согушка барган катышуучулардын аты-жөнү чегилген. Жалпы жонунан мемориалга 4 миң доллар сарпталган.

Корумду айылынан Улуу Ата Мекендик согушка 119 жигит аттанып, алардын 79у туулган жерине кайткан эмес. Бирок аларга арналып эстелик тургузулбаганына кайгырган карыя өз күчү менен жасоого киришкен. Натыйжада элдин жана жергиликтүү бийликтин колдоосуна татып, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0