Россия гумжардам катары Кыргызстанга 100 миңден ашык тест-система берди

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЛаборатория "Гемотест" начинает делать тесты на COVID-19 в Симферополе
Лаборатория Гемотест начинает делать тесты на COVID-19 в Симферополе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргыз өкмөтүнүн атынан Россия Федерациясына жана Роспотребнадзорго ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн алкагында Россиядан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анда COVID-19ду аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясы берилгени айтылат.

"Жалпысынан жардам иретинде 80 720 изилдөө жүргүзүү үчүн 820 ПЦР тест-системасынын комплектиси, 24 000 изилдөө үчүн толук эмес 480 топтом келди", — деп жазылат маалыматта.

Роспотребнадзордун жетекчиси кыргыз медиктеринин кесипкөйлүгүнө баа берди

Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргыз өкмөтүнүн атынан Россия Федерациясына жана Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматына көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, коронавирус менен мындан аркы күрөшүүдө жемиштүү кызматташууга ишеним артты.

Жаңылыктар түрмөгү
0