Өлкөдөгү Пробация департаменти 34 кишини ишке чакырууда. Жол-жобосу

© AFP / Justin Sullivan / Getty ImagesЯрмарка вакансий HIREvent в отеле Whitcomb в Сан-Франциско
Ярмарка вакансий HIREvent в отеле Whitcomb в Сан-Франциско - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документтерди Пробация департаментине жеткирип берүүгө же Кыргыз почтасы аркылуу жөнөтүүгө болот. Кабыл алуу 14-июлдан 27-июлга чейин жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти бош административдик кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялаганын билдирди.

Ага ылайык, департаментке өлкө аймактары боюнча 34 киши керектелип жатат. Документтерди кабыл алуу 14-июлдан 27-июлга чейин жүргүзүлөт.

"Сынакка катышуу үчүн арыз, сүрөт, өмүр баян (соттолгондугу жоктугу же бардыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен) жана резюме керек. Ошондой эле дипломдун, паспорттун, эмгек китепчесинин жана башка илимий даража, наам, билимди жогорулаткан документтердин көчүрмөсүн берүү зарыл", — деп айтылат маалыматта.

КР окумуштуулары Индиядагы маанилүү сессияга чакырылды. Катышуу жолу

Документтерди Пробация департаментине жеткирип берүүгө же Кыргыз почтасы аркылуу жөнөтүүгө болот. Бардык суроолор боюнча +996 312 315 944 (кошумча номер 122 жана 123) жана 0559 177 885 номерлерине чалып, ausmanov@probation.gov.kg дарегине жазуу керек.

Сынак жана андагы кызматтар тууралуу кененирээк шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0