Бүгүн дагы 421 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду

© AFP / RONALDO SCHEMIDTСитуация в Аргентине из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Аргентине из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Семетей" обсервациясында дагы 400 кишилик оорукана ачылып, оор абалдагыларды кабыл ала баштай турганы айтылган.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 421 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, жаңы катталган учурдун 97си медицина кызматкерлери.

  • Бишкек шаары – 176;
  • Чүй облусу - 87;
  • Ош шаары - 58;
  • Ош облусу - 6;
  • Жалал-Абад облусу - 40;
  • Баткен облусу - 21;
  • Ысык-Көл облусу - 31;
  • Нарын облусу - 1;
  • Талас облусу - 1.

Кыргызстанда пневмониядан 45 адам каза болду

Ушуну менен республика боюнча вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 11 538 болду. Азыр стационарда 652 бейтап дарыланып жатат, анын 21и реанимацияда. Үй карантининде 5 742 адам дарыланууда. Ооруканадан 3 569 киши айыгып чыкты. Тилекке каршы, 149 бейтап каза болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0