COVID-19 менен ооругандар үчүн убактылуу оорукананын палаталары. Архив

Мэрия: түнкү стационарлар оор абалдагы бейтаптарды кабыл алат

101
(жаңыланган 13:38 14.07.2020)
Мэрия түнкү стационарлардан биринчи жардамды жашаган жерине карабастан бардык адамдар, ал тургай Чүй облусунун тургундары да алууга болорун кабарлады.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Борбор калаада ачылган эки түнкү стационар абалы оор бейтаптарды кабыл алып, зарыл болсо аны кычкылтек концентраторуна кошот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, буга чейин борбор калаада эки түнкү стационар даярдалып жатканы айтылган. Бири 7-кичи районундагы ДСК спорт комплексинин имаратында жайгашкан. Ал жакта 120 орун бар. Ал эми экинчиси — Фрунзе - Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Консул" рестораны. Анда 100 орун даярдалган.

"Түнкү стационарлар күндүзгүдөн айырмаланып абалы оор бейтаптарды кабыл алат. Бул жакта медиктер министрлик тарабынан бекитилген алгоритм боюнча дарылап, асма укол коюп, зарыл болсо бейтапты кычкылтек концентраторуна кошот. Шаардыктарга ыңгайлуу болуш үчүн стационарларда мобилдик дарыканалар ачылган", —деп айтылат маалыматта.

Мэрия түнкү стационарлардан биринчи жардамды жашаган жерине карабастан бардык адамдар, ал тургай Чүй облусунун тургундары да ала аларын кошумчалады.

Ош шаарында ачылган стационарлардын графиги жана дареги

ДСК спорт комплексинде ачылган стационарды мурдагы мэр Нариман Түлеев каржылай турганы айтылды. Ал эми "Консул" ресторанын ээси бекер эле убактылуу колдонууга берген.

101
Белгилер:
бейтап, дарылоо, кычкылтек концентратору, стационар, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2079)
Тема боюнча
Ак-Ордо, Ак-Босогодо жана Аламүдүн-1 кичи районунда күндүзгү стационар ачылды
Өкмөт: коронавируска чалдыккан бейтаптар үчүн дагы 400 орун даярдалат
Буурчак. Архив

Окумуштуулар кайсы өсүмдүк жүрөк ооруларына, кант диабетине жардам берерин айтты

22
(жаңыланган 08:32 09.08.2020)
Буурчак дандары (буурчак, кой буурчак, жасмык) жүрөк-кан тамыр системасына жакшы таасир этип, анын эсебинен адамдагы кант, холестерин азаят.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Буурчак өсүмдүктөрү кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүп, жүрөк ооруларын алдын алат. Бул тууралуу “Известия” жазып чыкты.

Канададагы Гуэлфск университетинин дарыгерлеринин айтымында, буурчак азыктар жүрөк-кан тамыр системасына жакшы таасир этип, анын эсебенин организмдеги кант жана холестерин азаят.

Ал эми Food.news интернет порталы жогорудагы өсүмдүктөр кан тамырларды жабыркатпай турганын жазат. Бирок ошол эле маалда аны бардык илдеттерге шыпаа болот деп санабоо керектигин эскертет.

Чач түшпөсүн, тырмак сынбасын десеңиз... С витамини көп 8 азыктын тизмеси

Анын курамында түрдүү клетчатка жана белок арбын. Адистер андан тамак-аш даярдоо алдында буурчактарды сегиз саатка чейин сууга чылап койсо, көбүүрөк пайда болорун баса белгилешет.

22
Белгилер:
төө буурчак, Окумуштуулар, ден соолук
Тема боюнча
Сексолог төшөк мамилесин арттырууга жардамчы болгон азыктарды санап берди
Көмөч казан эскирип калганын кантип билсе болот? Шеф-повардан кеңештер
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

120
(жаңыланган 21:03 08.08.2020)
8-августтан 10-августка чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. 9-август күнү, жекшембиде, республика боюнча жаан-чачын болуп, айрым аймактарда нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас өрөөнүндө +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +20...+25, Нарын жергесинде +21...+26 градус ысык болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +30...+32, Ош шаарында +32 ...+34 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Атада +21...+23 градусту көрсөтүп турат.

120
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы