Бишкектеги күндүзгү стационарлар ачылгандан бери 27 миң кишини кабыл алды

Жазылуу
Күндүзгү стационарлар күчөтүлгөн тартипте эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин иштешет. Ага курч респиратордук вирустук инфекцияга кабылып, ооруну жеңил жана орточо көтөргөндөр кайрылат.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы күндүзгү стационарлар ачылгандан бери, тагыраагы, 10 күндө 27 миң 169 кишини кабыл алганын шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, күндүзгү стационарлар күчөтүлгөн тартипте эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин иш алып барууда. Ага курч респиратордук вирустук инфекцияга кабылып, ооруну жеңил же орточо көтөргөндөр кайрылат.

Окумуштуулар: COVID өпкөдөн башка органдарды да жабыркатат

"Стационарга кайрылган 27 миңден ашык кишинин 20 миң 317си капельница алып, ийне сайдырышты. Ошондой эле 6 миң 687 адам медициналык консультация алып, 156сы ооруканага жаткырылган. Бактыга жараша, кечээки кезметте эч кимди жоготкон жокпуз. Мурда 9 кишиден айрылдык эле", — деп айтылат маалыматта.

Борбордо ачылган стационарда 241 медик эмгектенип, бардыгы медициналык каражат жана тамак-аш менен камсыздалып жатканы кошумчаланды. Ошондой эле бейтаптардын коопсуздугу үчүн санитардык-дезинфекциялык чаралар көрүлүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0