Штаб COVID менен пневмониядан каза болгондорду көмүү эрежесин жарыялады

© Sputnik / Сутанта Адитья / Медиабанкка өтүүКоронавирустан каза болгон адамды көмүү. Архив
Коронавирустан каза болгон адамды көмүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиктер ооруканадан маркумду жууп-кепиндеп бергенден кийин үйгө алып барбай, түз эле көрүстөнгө коюу керек.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Республикалык штаб коронавирустан жана пневмониядан каза тапкан жарандардын сөөгүн жерге берүү эрежелерин жарыялады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму берген расмий маалымат боюнча, сөөк көмүүдө тиешелүү талаптар сакталса башка адамдар үчүн коркунучтуу эмес экени айтылат. Вирус сырткы чөйрөдө үч-төрт сааттын аралыгында жок болуп кетет. Бирок штаб ага карабастан бардык алдын алуу чараларын сактоо зарылдыгын эскертет.

Коронавирус же пневмониядан каза болсо эмнеге көңүл буруу керек:

  • Эгерде адам ооруканада көз жумса, тийиштүү процедураларды медиктер жүргүзөт. Алар маркумду көмүүгө толугу менен даярдап, жууп-кепиндеп кошумча полиэтиленге ороп берет. Өлүккананын короосунда эле жаназасы окулат. Ошол жерден дароо көрүстөнгө алып кетүү керек. Кепинге орогондон кийин аны кайра ачып, коштошууга болбойт.
  • Эгер адам үйдөн каза болсо, санитардык дарыгерлердин айтканын так аткаруу зарыл. Ошондой эле медициналык көрсөтмө боюнча дезинфекция процедураларын, өздүк гигиенаны сактап, бет кап жана кол кап кийүү кажет.

Бишкекте каза болгондорду көмүү канча турат. Расмий баалар

Башка сунуштар жана чектөөлөр:

  • Эгерде бир нече маркумдун сөөгү даяр болсо, баарына бир жаназа окуу жетиштүү болот;
  • Дарыгерлер коронавирустан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, ошол эле жетиштүү. Аны кайра ачып, жууп-кепиндөөнүн кереги жок;
  • Жаназага катышуучулардын ортосунда социалдык аралык жана өздүк гигиена сакталышы зарыл. Тагыраагы, бет кап тагынып, аны эки саат сайын алмаштыруу шарт;
  • Респиратордук оорулардын симптомдору бар адамдар акыркы сапарга узатуу аземине катышпай эле койгону оң;
  • Сөөктү атайын адистештирилген транспорт менен ташуу керек;
  • Коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун сөөгүн жалпы көрүстөндөргө коюуга тыюу салынбайт.

Эскерте кетсек, буга чейин муфтият дагы коронавирустан көз жумгандарды көмүү эрежесин иштеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0