Бишкектеги стационарларда электрондук кезекке туруу системасы ишке кирди

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер бейтапка талон алып берип жатат. Архив
Медициналык кызматкер бейтапка талон алып берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматы стационарларда кезекке турууну иретке келтирүү үчүн мэрияга жардам катары 40 ноутбук, 30 термопринтер берген.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы 15 күндүзгү стационарга келген бейтаптар үчүн электрондук кезек системасы орнотулду. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Жеембаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, электрондук кезек системасы оффлайн режиминде иштөөгө ылайыкташкан.

"Бул система "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыгып, өлкөнүн калкы тейлөө борборлорунда төрт жылдан бери колдонулуп келет. Күндүзгү стационарлардын бардыгында эле интернет байланышы жок болгондуктан оффлайн режиминде иштөөгө ылайыкташкан. Жарандар эки категория боюнча кезекке турушат. Биринчиси — консультация алуу, экинчиси — асма укол алууга кезекке туруу", — деди Жеембаев.

Электрондук система менен кезекке турган ар бир бейтапка талон берилет. Ошого карап медицина кызматкерлери кезек менен чакырышат, талондордун номерлери монитордон көрүнүп турат.

Бишкекте беш лаборатория иммуноферменттик анализ ала баштады. Тизме

Мындан сырткары, Жеембаев Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкектеги күндүзгү стационарларда кезекке турууну иретке келтирүү үчүн мэрияга жардам катары 40 ноутбук, 30 термопринтер бергенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0